Орусиянын Смоленск облусуна караштуу Сафоново шаарында президент Путинге апасынын айлыгы аз экендиги тууралуу арыз жазган 14 жаштагы кыз өзүн өзү өлтүргөн.
Маалыматта, кыз мектепте аны башкалар шылдыңга алышаарын да айткан. Классташтары аны лакап аттарды коюп, маскаралоочу. Өлүмүнөн бир нече убакыт мурда соцтармактардын бирине «Эмне үчүн адамдар мынчалык ташбоор» деп жазып чыгарган.
«Смоленская народная газетанын» билдирүүсүндө кыздын апасы ооруканада пол жууп иштечү. Кызы Путинге арызданып кат жазганы үчүн оорукананын жетекчилиги тарабынан сөз да уккан. Маалымат булагы, окуучу кызга ошол окуя да терс таасирин тийгизгенин айтууда.
Азырынча кыздын каты президентке жетип барганы же барбаганы жөнүндө маалымат жок.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ