Menu

Оңолбеков оңдогондун ордуна бажыны “бажарды”

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү коррупцияга кокосунан баткан тармак Бажы кызматы экенин баары билип бүттү, бирок тазаланууга кадам таштала элек. Бир жылдан бери башкарып жаткан Алмаз Онолбеков да ондогонго дарамети жетпестигин, аракети жоктугун көрсөттү. Муну фактылар ачыкка чыгарууда. Маселен, Орусиянын мамлекеттик эмес «Regnum» маалымат агенттиги бажыдагы аткезчилик же Кытайдан, Түркиядан жана АКШдан Кыргызстанга ташылган товарлар туурасында макаласын жарыялады. Анда белгиленгендей, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы соңку 20 жылда Кытайдан жалпы суммасы 11,64 млрд. долларлык товар келгенин белгилесе, Кытай Кыргызстанга 61, 667 млрд. долларлык товар жөнөткөнүн көрсөткөн. Көзгө тартылгандай, ортодогу айырма 50 млрд. долларды түзүп жатат. Ал эми Түркия менен соңку 20 жылда импорттун көлөмү 1,129 млрд. долларды түзгөнүн биздин бажычылар көрсөтсө, Түрк мамлекети аны дээрлик 3 млрд. долларга жакын экенин көрсөттү. Мында дагы ортодогу жоголгон айырма 1,839 млрд. долларды чапчып отурат. Кыскасы, кыргыздын бажысынан миллиарддаган доллар уурдалып жатканын сезип турабыз. Муну ким тизгиндейт?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: