Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку технологиялар паркына барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы «Жогорку технологиялар паркынын администрациясы» Мамлекеттик мекемесине барды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку технологиялар паркынын директору Всеволод Янчевский Өкмөт башчыга мекеменин ишмердиги тууралуу айтып берди жана бул ИТ-бизнестин ийгиликтүү өнүгүүсүнө жагымдуу өбөлгө түзгөн атайы салык-укуктук режими бар өзгөчө экономикалык аймак экендигине токтолду.

Парк экстерриториалдык принцип боюнча иш алып барган АКШдагы Кремний өрөөнүнүн белорустук варианты катары таанымал. Анда катталган компаниялар белорустук кеңсенин жайгашуу ордунан көзкарандысыз түрдө бардык сунушталган артыкчылыктардан пайдалана алышат.

Долбоордун алгачкы максаты — Беларусь Республикасында экспортко багытталган программалаштыруу индустриясын, жаңы жана жогорку технологияларга негизделген башка экспорттук өндүрүштөрдү өнүктүрүү, ошондой эле улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кадрдык, илимий-өндүрүштүк жана инвестициялык-финансылык мүмкүнчүлүгүн  топтоштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Жогорку технологиялар паркында иштеген мекендештер менен пикир алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: