Menu

Кара-Суу районунда жапырт мушташка катышкан 31 окуучу кармалды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунда жапырт мушташка катышкан 31 окуучу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

22-ноябрдын түнү милицияга жаш балдар жапырт мушташып жатышат деген маалымат келип түшкөн.  Окуя болгон жерден 31 мектеп окуучу кармалган. Алар Жоош жана Сарай айылдарынын 10- классы менен 11-классынын окуучулары экендиги белгилүү болгон.

Мушташ учурунда 15 жаштагы бала кандайдыр бир курч нерседен жаракат алган. Аны Кара-Суу райондук ооруканасына жеткиришкен. Азыркы убакта жаракат алган баланын абалы туруктуу.

Билим берүү мекемелеринде териштүү иштери башталып, окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип жатат.

 

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: