Menu

Тажик банктары насыялардын пайыздык үстөгүн төмөндөтүүгө даяр эмес

Бөлүшүү:

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы Улуттук банк насыянын үстөк пайыздарын төмөндөтүү боюнча сунуштарды эске албай жатканын билдирди.

Депутат Рустам Кудратовдун айтымында, алар буга чейин Улуттук банкка насыялардын пайыздык үстөктөрүн 16-18% чейин төмөндөтүүнү сунушташкан.

​«Бирок мекеменин отчетунда орточо пайыздык үстөктөр дале 28,5% экени көрсөтүлүүдө. Ишкерлер мындай пайыздар менен насыя алып, аларды кайра төлөп бере алышабы? 2030-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында кичи жана орто бизнес өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи катары көрсөтүлгөн. Ага ылайык, жыл сайын айлыгы жакшы 100 миңден кем эмес жумуш оруну түзүлүп турушу керек. Бул жаатта өкмөт ишкерлерге таянат», — деди ал.

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзода тажик банктары депозиттерди жогорку пайыздар менен алгандыктан, насыяларды төмөнкү үстөктөр менен бере албай турганын айтты.

​«Бүгүнкү насыялардын 60-70 пайызы 10-15 жыл мурда жогорку пайыздар менен алынган. Насыялардын пайызын дароо төмөндөтүүгө мүмкүн эмес, анткени насыя уюмдары аларды жылдык 20 пайыздык үстөк менен алышкан. Мындан тышкары алардын банктык чыгымдары менен салыктары дагы бар», — деди төрага.

Тажикстанда улуттук валюта (сомони) менен бериле турган насыялардын орточо үстөгү 28% түзөт. Экономисттердин пикиринде, мындай пайыздар менен ишкерлердин ийгиликтүү бизнес жүргүзүүсү өтө оор болот.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: