Menu

ТИМ: Кыргызстан Пакистанда уюштурулган кайрымдуулук базарына катышты

Бөлүшүү:

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Мамлекетиндеги Элчилиги Пакистандын тышкы иштер министрлигинин Аялдар бирикмеси (PFOWA) тарабынан уюштурулган ар жылдык кайрымдуулук базарына катышты. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул жылдагы базардын темасы «Ар түрдүүлүктүн майрамы» деп аталды.

Майрамдык иш-чара Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши мырза, тышкы иштер катчысы Тахмина Жанжуа айым жана ардактуу конок Пакистандын биринчи айымы Самина Алвинин катышуусу менен өттү.

Кыргызстандын арналган павильонунда көркөм өнөр чыгармалары, белгилүү кыргыз жибек жоолуктар, кийизден жасалган кол өнөрчүлүктөр, улуттук кыргыз кийимдер жана ошондой эле салттуу кыргыз улуттук тамактардын түрлөрү көрсөтүлдү.

Кыргызстандын павильону көп сандагы келген конокторго кызыктуу болду. Элчиликтин кызматкерлери конокторго кыргыз элинин үрп-адаттары жана каада-салттары тууралуу маалымат берип, улуттук тамак-аштарды сунушташты.

Кайрымдуулук иш-чара элдердин ортосундагы тынчтыкты жана бир туугандыкты жайылтуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду.

«Ар түрдүүлүктүн майрамы – PFOWA 2018» кайрымдуулук базары майрамдуу, жылуу жана достук маанайда өттү.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: