Menu

АКШнын атайын прокурору Манафортту тергөө келишимин бузууга айыптады

Бөлүшүү:

Дональда Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт күнөөсүн мойнуна алгандан кийин Федералдык иликтөө бюросуна жана атайын прокурор Роберт Мюллердин командасына калп айткан.

26-ноябрда жарыяланган соттун документтерине ылайык, Манафорт тергөө менен кызматташуу боюнча сентябрдагы келишимдин шарттарын бузган. Манафорт эки жолу жалган көрсөтмө берүү менен бир катар федералдык кылмыштарды жасаганы айтылат.

Манафорт жалган көрсөтмө берди деген айыптоолорду четке какты.

Ошол эле маалда прокурорлор жана адвокаттар өкүм чыгарууну кечеңдетүүгө негиз жок экенин айтып, соттон тезирээк күн белгилөөнү сурашты. Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы арам акчаларды адалдоого, АКШ бийлигин алдоого, чет элдик тыңчыларды каттоо мыйзамын бузууга жана күбөлөрдү сатып алууга айыпталууда.

Манафорттун биринчи соттук иши Москва менен АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын ортосундагы ыктымал кутумга байланыштуу. Аны атайын прокурор Роберт Мюллер иликтөөдө. Августта Александриядагы сот жараянында Манафорт банк жана салык көз боёмочулуктары боюнча айыптуу деп табылган. Сентябрда Манафорт кутүүсүздөн АКШга каршы кутумга барууда жана сот адилеттүүлүгүнө тоскоол болууда күнөөлүү экенин мойнуна алган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: