Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети биринчи окууда “Экс-президенттин статусу” жөнүнөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча маселени карады.
Сөз экс-президенттин өлкөнү башкарып турган учурда жасаган иштери үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбастыгын камсыздаган 12-беренени алып салуу жөнүндө болууда.
Мыйзамды өзгөртүүнүн демилгечлеринин бири Исхак Масалиевдин айтымында, “Экс-президенттин статусу” жөнүндөгү мыйзамдан 12 беренени (кол тийбестик жөнүндө) алып салуу керек. Ошол эле кезде ал мурунку өлкө башчылардын документтерде көрсөтүлгөн башка артыкчылыктарын калтырууну сунуштады. Мисалы, кол тийбестик экс-президенттин мүлкүнөн жана транспортунан алынбайт.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ