“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын башкармалыгынын мүчөсү жана башкармалыктын төрагасынын орун басары Эрали Козубаев кызматынан четтетилди. Мындай чечим анын өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде компаниянын акционерлери тарабынан кабыл алынган.
Э.Козубаев бул кызматта 2017-жылдын 8-ноябрынан бери иштеп келген.
Мындан сырткары, Э.Козубаев “Чыгышэлектро” ААК жана “Түндүкэлектро” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү, “Coca-Cola Almaty Bottlers” компаниясынын кызматкери болуп эсептелген.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ