Menu

24-ноябрдагы Курултайдын чечими бүгүн жарыяланды

Бөлүшүү:

24-ноябрда Кыргызстандагы коомдук, саясий жана мекенчил уюмдарынын 1-Курултайы делип, “Кыргызстан: кечээ, бүгүн эртең” деген темада Бишкекте өткөн курултайдын чечими бүгүн 27-ноябрда жарыяланды. Анда өлкөбүздөгү өтө орчундуу коомдук-саясий маселелер, анын ичинде экс-президент А.Атамбаевдин бийликти узурпациялап алгандыгына жана мурунку ишмердиги боюнча жооп бериши керектигине чейин айтылган. Андан сырткары, С.Жээнбеков башында турган учурдагы бийликке “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимди жокко чыгаруу, паспорттогу “улуту” деген графаны кайра киргизүугө чейин бар нече талаптар коюлуп, аларды аткаруу үчүн 2019-жылдын 7-апрелине чейин убакыт берилген.

КРнын коомдук, саясий жана мекенчил уюмдарынын Курултайынын
Ч Е Ч И М И

Бишкек ш. 2018-жыл, 24-ноябрь

Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил уюмдарынын 1-Курултайына баардыгы болуп 47 саясий партиялардын жана коомдук-жарандык уюмдардын өкүлдөрү, белгилүү саясий-коомдук ишмерлер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Курултайда “Кыргызстан: кечее, бүгүн, эртең” деген темасында азыркы Президент С.Жээнбековдун бир жылдык ишмердүүлүгү, мурдагы Президент А.Атамбаевдин 6 жылдык ишмердүүлүгү, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин иши жана Кыргызстандын келечеги боюнча 4 баяндама жасалды. Жарыш сөз менен 28 делегат чыгып сүйлөдү. Мындан сырткары Курултайды уюштуруу комитетине жана Президиумга саясий-коомдук уюмдардан, жеке инсандардан, делегаттардан 200 гө жакын кат жана сунуштар келип түшкөн. Курултайда жасалган баяндамаларды талкуулап, жарыш сөздөрдө жана келип түшкөн сын пикирлер, сунуштарды эске алып Курултай чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын азыркы Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин бир жылдык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин президенттик мезгилдеги ишмердүүлүгү канааттандырарлык эмес деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2011-2017-жылдар аралыгында мамлекеттик бийлик узурпацияланган, өлкөдө мыйзамсыз жеке авторитардык жана кландык башкаруу орнотулган деп табылсын.
5. Жеке авторитардык жана кландык бийликти түзүү жана мамлекеттик бийликти узурпациялоо 2002-жылдагы Аксыдагы күрөшкө чыккан элдин эркине, 2005-жылдагы Март революциясынын идеяларына жана 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынын максаттарына каршы келе турганы, улуу максаттар үчүн жанын курман кылган боордошторубуздун арбактарына шек келтирип, мамлекеттүүлүккө, парламенттик демократияга жана кыргыз элинин нукура кызыкчылыктарына карата чыккынчылык болуп санала турганы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен жана Башкы Прокуратурасынан А.Атамбаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо, кол тийбестигин алуу жана өлкөдөн сыртка чыгып кетүүсүнө бөгөт коюу иш чараларын тез арада аткаруу талап кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 2-пунтуна ылайык мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш экендигин жетекчиликке алуу менен Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы катары ишинин жана анын жасаган аракеттеринин кесепеттерин иликтөө, айрыкча ал өзү мактанып жаткан байлыгынын булактарын жана мыйзамдуулугун тактоо үчүн, аларга укуктук баа берүү максатында Атайын мамлекеттик комиссия түзүлүшүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен талап кылынсын.
Бул Комиссиянын ишине депутаттардан сырткары коомдук ишмерлердин, укук коргоочулардын жана такшалган юристтердин катышуусун камсыз кылуу талап кылынсын.
7. Эгемен Кыргыз Республикасынын мурдагы президенттери А.Акаев, К.Бакиев жана А.Атамбаев Кыргызстан алгач көз карандысыз эгемендигин жарыялаган Декларациялардагы, 1993-жылдагы Конституциядагы улуттук кайра жаралуу идеясы менен укуктук, демократиялык мамлекет куруу принциптеринен четтеп, 8 жолу референдум жолу менен мамлекеттик бийликти узурпациялаганы жана өлкөбүзгө авторитаризмдин үйбүлөүк жана кландык, криминалдык жеке башкаруу системасы киргизилгени белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен:
а) Атамбаевдин учурундагы тышкы карыздарды алуу жана аларды кайтарып берүү шарттары, бюджетти колдоого жана башка багыттар үчүн келген гранттар, алардын пайдалануусу боюнча коомдук жана жарандык уюмдардын өкүлдөрүн катыштыруу менен парламенттик угуу өткөрүү;
б) “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмерлигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга “экс-президенттин кол тийбестиги” жана “экс-президент статусун алып таштоо” механизмдери боюнча тактоо киргизүү, аталган мыйзамды Кыргыз Республикасынын 2010-жылы кабыл алынган Конституциясына шайкеш келтирүү;
в) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык “Элдик Курултай жөнүндөгү” мыйзамды ( депутаттар К.Иманалиев, К.Бокоев тарабынан даярдалган) кабыл алуу –
таалап кылынсын.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинен жана Жогорку Кеңешинен:
а) Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун даярдоо боюнча коомдук, саясий жана мекенчил уюмдардын өкүлдөрүн катыштыруу менен Президенттин жетекчилигинде Конституциялык кеңешме түзүү;
б) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ар жылдык аткарган иштери боюнча эл алдындагы отчеттуулугу жана жоопкерчилигин Элдик Курултай институту аркылуу камсыз кылуу;
в) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын учурдагы 100 пайыз партиялык тизме менен шайлоо системасын өзгөртүү, ар бир депутат эл өкүлү катары жалпы, тике жана жашыруун добуш берүү принциптери менен шайланышын ишке ашыруу;
г) Сот системасын Президенттик аппараттан, Жогорку Кеңештеги фракциялардан жана Аткаруу бийлигинен толук көз карандысыз кылуу максатында реформаларды жүргүзүү;
д) Тергөө органдарын Аткаруу бийлигинен ажыратуу, көз карандысыз тергөө органдарын түзүү максатында өз алдынча Тергөө комитетин түзүү –
талап кылынсын.
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өкмөтүнөн 2019-жылдын 7-апрелине чейин:
а) Кыргызстандын элинин байлыгы болгон, коррупциялык келишимдин негизинде чет элдиктерге мыйзамсыз берилген “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн баардык келишимдерди денонсациялоо;
б) “Жер-Үй”, “Талды-Булак”, “Ыштамберди”, “Чаткал” зонасында жана башка кен-байлыктар боюнча берилген лицензияларды элге ачык жарыялоо;
в) Эгемендик мезгил ичиндеги сырттан алынган баардык кредит-инвестициялардын конкреттүү суммасы, кайда иштетилгени, кимге берилгени такталып элге ачык жарыялоо –
талап кылынсын.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинен, Жогорку Кеңешинен жана Өкмөтүнөн:
– мамлекеттик идеологиялык иштерди ыраатка салуу үчүн мыйзам –актыларды кабыл алууда, Программаларды иштеп чыгууда өлкөнүн атын алып жүргөн кыргыз элинин руханий жана материалдык баалуулуктарын өзөк катары кароо жана илим, билим, маданиятка өзгөчө маани берүү;
– билим берүү стандартын жаңыдан илимий педагогика менен элдик таалим-тарбиянын үлгүлөрүнүн негизинде адистер иштеп чыккан долбоорду коомдук талкуудан өткөрүлгөн соң кабыл алуу;
– коомчулук тарабынан акыркы жылдары көтөрүлүп жаткан идеологиялык зор мааниси бар “Манастөр” улуттук руханий борборун түптөө, “Манас” Академиясын ачуу, Арсланбабтагы ата бабалардын бейитин корукка алып, тарыхый-мемориалдык комплексти куруу маселелерин колдоо;
– Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспортундагы “улуту” деген графаны кайра калыбына келтирүү –
суралсын.
12. Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Башкы прокурорунан 2019-жылдын 7-апрелине чейин коомдо кеңири резонанс жараткан:
“Кумтөр” алтын кени, Мегаком, Бител, Батукаевдин качышы, “Дача-Суу” трагедиясы, Бишкек ЖЭБи, “Кемин-Датка” проектиси, “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолдун курулушу, Тарых музейинин ремонту, мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер боюнча козголуп токтотулган кылмыш иштери, 2010-жылдын апрель айында өрттөлүп жок болгон иштер, 2010-жылдан кийин улутташтырылган объектилер жана кылмыш иштери боюнча камакка алынган объект-мүлктөр, белгисиз себептер менен токтотулган кылмыш иштери, башка чуулгандуу иштер жана фактылар аягына чыгарылып, күнөөлүлөрдүн аты аталып, элге жарыя кылынсын.
13. 2011-жылдан бери саясий өңүттө буюртма, жасалма жолдор менен козголгон кылмыш иштер боюнча соттолушкандардын: “Кумтөр” маселеси боюнча Жети-Өгүз районунун Саруу, Оргочор жана башка айылдарынын тургундарынын, Р.Сабиров, А.Келдибеков, Б.Асанов, К.Кадыров, Д.Сарыгулов, Э.Карыбеков, Б.Талгарбеков, М.Султанов, Т.Калматов, А.Гусев, Т.Колубаев, А.Капаров, А.Салянова, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, С.Жапаров, Р.Төлөгөнов, Н.Тюлеев, А.Атабаевдердин иштери жаңы ачылган жагдайлар менен кайрадан каралып чыксын.
14. Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши 2018-жылдын аягына чейин Конституциялык реформа жүргүзүү боюнча Конституциялык кеңешме түзбөсө, “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимдерди денонсациялоо боюнча иш чара жүргүзбөсө конституциялык укуктарыбызды пайдаланып элдик демилге тартибинде 2019-жылдын 1-январынан баштап кол топтоо жолу менен жаңы Конституциянын долбоорун жана “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимдерди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери белгиленсин.
15. Кыргыз Республикасы суунун башы, мөңгүлөрдүн мекени, таза экологиялык чөлкөм катары жаңжалсыз аймак статусун алып, дүйнө элдери менен тынчтыкта жана боордоштукта жанаша жашоо үлгүсүн көрсөтүүгө бардык шарттары бар өлкө экени белгиленип, 2019-жылды экологияны коргоо жылы деп жарыялоо сунушталсын.
16. Ушул Курултайдын чечимдеринин аткарылышын жыйынтыктоо үчүн Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил уюмдарынын Экинчи Курултайы 2019-жылдын апрель-май айларына белгиленсин.
17. Ушул Курултайдын чечимдерин ишке ашырууну көзөмөлдөө, уюштуруу иштерин жүргүзүү максатында Туруктуу Элдик Кеңештин (ТЭК) жигердүү мүчөлөрүнөн жана бул Курултайды Уюштуруу Комитетинин мүчөлөрүнөн турган Аткаруу Комитети түзүлсүн.
Аткаруу Комитетине Курултайдын чечимин колдогон, аны ишке ашырууну каалаган башка коомдук, саясий жана жарандык уюмдардын өкүлдөрүн кошууга, ошондой эле мүчөлүктөн чыгарууга укук берилсин.
Аткаруу Комитетине Курултайдын чечимдерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши, Өкмөтү, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышып иштөө укугу берилсин.
18. Биринчи Курултайдын чечими 19 саясий партиянын 239 делегатынын, 28 коомдук, жарандык жана мекенчил уюмдардын 358 делегатынын жана Курултайга чакырылган 90 коноктордун, 27 массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кабыл алынды.
19. Коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн Курултайынын башкы максаты буга чейин болуп келген мыйзамсыз иштердин улануусуна, саясий куугунтук жана саясий репрессиялардын кайталанышына, үйбүлөлүк жана кландык башкаруунун кайра жандануусуна жол бербөө, аларга шарт түзүп турган жагдайларды жоюу, коррупциянын тамырын кыркуу жана келечекке ишенимдүү кароо экендиги тастыкталсын.

Курултайдын Президиуму:

К. Дүйшөбаев
Ч. Абыкеев
А.Бузурманкулов
Р.Жеенбеков
Т.Сатаров

Курултайдын катчылыгы жана редакциялык комиссия:

1. К. Кошалиев
2. Т. Акун
3. Р.Карасартова
4. А.Сасыкбаева
5. М.Абылов
6. З.Марат
7. Э.Каптагаев
8. А.Бекназаров

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: