Нарын облусунун Ат-Башы районунда СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата иш чара уюштурулган. Аталган иш чара Б.Кыдыкова атындагы китепканада болуп өттү. Ага мектеп окуучулары жана дарыгерлер катышкан.
Өтүлгөн иш чаранын негизинде дарыгерлер катышуучуларга жана мектеп окуучуларына СПИД оорусунун кесепеттери жана анын жугуу жолдорунун түрлөрүн айтып беришти.
Ат-Башы районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Нүргүл Мамытакунованын айтымында, райондо СПИД оорусуна чалдыккандардын саны 21ге жеткен, анын ичинен эки адам каза болгон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ