Menu

ТИМ: “Кытайда кармалган кыргыздар жөнүндө маалымат тактала элек”

Бөлүшүү:

Кытайдын Синьцзянь уйгур автономдук районунда этникалык кыргыздардын себепсиз кармалып, “тарбиялоо лагерлерине” жөнөтүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги текшерип жатат. Бул тууралуу журналисттерге министр Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, Кытайдагы этникалык кыргыздардын камалуусу тууралуу маалымат азырынча тактала элек.

“Биз азыр бул маселени текшерип, көзөмөлдөп жатабыз. Ага өтө дыкат мамиле кылуу керек” – деп билдирген министр.

Эске салсак, жакында эле Кытайда себеби жок кармалып, тарбиялоо лагерлерине жөнөтүлгөн кыргыздардын туугандары президент Сооронбай Жээнбековго жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети аталган маселени бүгүн жабык эшик артында талкуулады.

Айрым маалымматтарда Кытайда 50миң кыргыз камалган деп айтылууда.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: