Энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев аталган тармактын проблемаларын тыкыр иликтеп, ал боюнча оюн ачык айтып келаткан Кыргызстандагы күчтүү адистердин бири. Ал дээрлик чейрек кылымдан бери дуусунан уусу, ырынан чыры көбөйүп, чечилбей келаткан Кумтөр маселесин дагы жакшы билет. Ага байланыштуу олуттуу сунуштарды байма-бай айтып келет.
Кыргызстандын Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык “Центерра голд” компаниясы өзүнүн Монголиядагы ишин токтотту. Монгол бийлиги мамлекетинин келечек кызыкчылыгын утурумдук “алтындан” артык көрдү. А Кыргызстанда бул жаатта акыбал кандай?
“KyrgyzTodayдеги” Р.Умбеталиев менен болгон маек ушундай суроолордун тегерегинде башталып, бул тармактагы бир топ маселелерди камтыды.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ