Казакстандан бензинди мыйзамсыз ташып келе жаткан үч кыргыз жараны «Чоң-Капка» өткөрүү жайынан кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, 24-ноябрда чек арачылар Казакстан тараптан келаткан бир жүк ташуучу Транзит жана эки жеңил унааны көзөмөл өткөрүү жайынан токтотуп текшерүүгө алышкан. Токтотулган унаалардан желим канистрлер менен кошумча орнотулган бактар табылып, алардын ичинен 1 тонна 500 литр бензин алынган. Бирок жүктү алып өтүүдө унаа ээлеринин тийиштүү документтери жок болуп чыккан.
Жыйынтыгында чек арачылар мыйзамсыз жол менен бензин алып өтүүгө аракет кылган үч жаранды жүгү менен кошо аймактык милиция кызматына өткөрүп берген.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ