Menu

Майып баласын өмүр бою караган ата-энеге мамлекет жардам берет

Бөлүшүү:

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балага кам көргөн ата-энелерди мамлекеттик колдоонун жаңы тутуму бекитилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жобо багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелерди колдоо максатында социалдык кызматтын жаңы түрү болуп эсептелет. Себеби мындай баланы караган ата-эненин бири иштей албагандыктан пенсиялык жана медициналык камсыздандыруу кепилдигинен ажыратылган. Ошондуктан мамлекет тарабынан каржылык колдоо түзүлүп, кийин пенсия алуу мүмкүндүгүн жоготпоого шарт түзүлдү. Ага ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилген. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо боюнча жаңы системаны ишке ашыруу үчүн алдын ала эсептөөлөргө ылайык бюджеттен жыл сайын 420 млн сом талап кылынат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

50 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

АРХИВДЕР, САЯСАТ - 03.04.2018 Notice: Undefined variable: d in /home/k/kyrgyz2d/kyrgyztoday.org/public_html/wp-content/themes/IprofiKG/templates/content-single.php on line 120 00:00

Кетип калган эмес, кепке калган жаман Уран Ахметов

АРХИВДЕР - 07.05.2020 Notice: Undefined variable: d in /home/k/kyrgyz2d/kyrgyztoday.org/public_html/wp-content/themes/IprofiKG/templates/content-single.php on line 120 00:00

Эркин Асрандиев: Өкмөт антикризистик пландын үчүнчү пакетин иштеп чыгат

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: