Жогорку Кеңештин депутаттары өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарынан чыгуу үчүн ички дүң продукцияны эсептөө методун өзгөртүүнү сунушташууда. Мындай демилгени парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Экмат Байбакпаев көтөрүп чыкты.
Анын айтымында учурдагы ИДПны эсептөө методу көптөгөн суроолорду туудурат, анын ичинде, мигранттардан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү гана атайын метод менен эсептелип көрсөтүлгөнү болбосо, негизги бөлүгү кошулбайт. Андан сырткары, Кытай менен Кыргызстандын ИДПын эсептөө методу бир топ айрымалангандыгында маселе бар.
“Биз Кытай менен статистикалык маалыматтарды алмашуу боюнча келишим түзөбүз, ошондо бажы төлөмдөрдөн түшкөн каражаттар иш жүзүндө канча болушу керектиги ачык көрүнөт. Анда ИДП бир топ өйдөлөйт болушу керек. Жакында мага италиялык досум келип, жолдордогу кымбат унааларды көрүп, силер эмес, биз өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет окшойбуз дегендей ой айтты. ИДПны эсептөөгө башкача ыкманы колдонушубуз керек, ошондо элдин артында калбайбыз” – деп билдирген Экмат Байбакпаев.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ