2019-жылы Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнөн берилген каражатка, «Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында калаанын 6 көчөсү, жалпы узундугу 5,38 км жол оңдолот. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматы билдирди. Кийинки жылы Нуркамал, Абай, Алтымышев, Репина (Күйүков көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин), Токтогул жана Жайыл Баатыр көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
«Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында 2018-2019-жылы жалпы узундугу 38 км түзгөн 23 көчөдө жол оңдоо иштери өткөрүлдү. Жолдордун көпчүлүк бөлүгү быйыл бүткөрүлдү. Айтматов жана Манас проспектилери, Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринин айрым бөлүктөрү, 7-апрель, Садырбаев (Бах), Айни, Термечиков, Салиева көчөлөрү, Ахунбаев жана Москва көчөлөрүн үн бөлүктөрү жана башка көчөлөр оңдолду. Анын ичинде Үсөнбаев жана Үмөталиев көчөлөрүндө оңдоо иштери мөөнөтүнө чейин бүткөрүлдү.
Бул долбоордун алкагында жол катмары алмаштырылып жаңы жол катмар төшөлдү, ошондой эле жаңы жээк таштар коюлду. Жолдорго эки катмар төшөлүп, үстүнкү катмар жаңы технологиялардын негизинде даярдалды.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ