22-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ар кыл маселелер» саатында эл өкүлдөрү бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча ой-пикирлерин ортого салышты. Бишкектеги балдардын жападан жалгыз инфекциялык ооруканасында балдар орун жетишпегендигинен улам коридордо жатышат. Ал эми аларды дарылаган педиаторлордун эмгек акысы болсо 5000 сомдун тегереги.
Мындай көйгөйлүү маселени көтөргөн депутат Тазабек Икрамов КР Өкмөтүн балдар үчүн дагы бир инфекциялык оорукана курууну колго алып, педиаторлордун эмгек акысын 15000 сомдон кем кылбоону сунуш кылды.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ