Түркмөнстан менен орусиялык МТС байланыш операторунун ортосундагы талашты карай турган арбитрлер аныкталды. Бул тууралуу укуктук жана соттук маалыматтарды жарыялаган орусиялык РАПСИ басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, Түркмөнстандын атынан АКШнын өкүлү Жон Таунсенд, МТС компаниясынын атынан швейцариялык Паоло Мишель Патокки калыс болот.
МТС компаниясы Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүнүн токтотулгандыгына байланыштуу эл аралык арбитражга быйыл июлда доо арыз менен кайрылган.
Байланыш оператору Түркмөнстандагы абоненттерине кызмат көрсөтүүсүн былтыр сентябрдын аягында токтоткон. Анда МТСтин Москвадагы башкы кеңсесинен Ашхабад айрым уруксат берүү документтеринин мөөнөтүн узартуудан баш тартканын билдиришкен.
Былтыр июлда түркмөн бийлиги «Түркмөнстан МТС» байланыш операторунун ордуна «Ай Назар» деп аталган жаңы мобилдик оператор ачууну пландап жатканы кабарланган. Расмий басылмалар бул демилгени мамлекет башчы дагы колдогонун жазышкан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ