Menu

Орусияда сурак маалында каза болгон тажик мигранты кыйноого алынганы айтылууда

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Москвада полициянын сурагы маалында каза болгон 38 жаштагы Илхомиддин Шоевдин сөөгү Тажикстандын Бахористон районунда жерге берилди. Полиция ал жүрөгү кармап өлгөнүн айтса, туугандары кыйноодон улам жан берген деп эсептешүүдө.

«Анын сөөгүн жууп жатканда денесинде көк-ала тактарды көрдүк. Биз Илхомиддин кыйноолордон улам каза болгонуна ынандык», – деди маркумдун атасы Шарофиддин Шоев.

Анын айтымында, 2015-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн уулу жакынкы күндөрү мекенине биротоло келерин айткан.

ЖМКлар 21-ноябрь кечинде Москва полициясы талоончулук ишинин алкагында Тажикстандын 18 жараны кармалганын кабарлашкан. «Алардын бири сурак маалында өзүн жаман сезип, каза болуп калган. Болжол менен анын жүрөгү кармаган», ؙ— деп жазган «Москва» агенттиги өз булактарына таянып.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: