Menu

Бир сутканын ичинде Украинага 80ге жакын орусиялык киргизилген жок

Бөлүшүү:

Акыркы бир сутканын ичинде Киев аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде Орусиянын 80ге жакын жараны Украинанын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Буга чейин украин чек арачылары Киевге Минсктен «Белавиа» авиакомпаниясынын каттамы менен учуп келген 47 орусиялыкты өлкөгө киргизбегени кабарланган. Алар кайрадан Минскке учуп кетүүгө аргасыз болушкан.

Херсон облустук администрациясынын башчысы Андрей Гордеев 27-ноябрдан тарта Орусиянын жарандары үчүн аннексияланган Крым менен Херсон облусунун ортосундагы өткөрмө бекеттерде чектөөлөр киргизилгенин билдирди.

Ошол эле маалда украин чек арачылары бул чектөөлөрдүн өлкөдөгү аскердик абалга байланышы жок экенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, орус жарандары өлкөгө эмне максатта келгенин ырастай алышкан эмес.

Президент Петр Порошенко тарабынан сунушталган айрым акмактарга 30 күндүк аскердик абал режимин киргизүү тууралуу мыйзамды күн мурун Жогорку Рада кабыл алган. Парламент спикери Андрей Парубий мыйзам 28-ноябрда күчүнө кирерин билдирген. Ал эми өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин сайтында аскердик абал 26-ноябрдан тарта башталары жазылган.

Аскердик абал режими Орусия менен чектешкен 10 облуска тиешелүү болот. Президент аскердик абалды киргизүү зарылдыгын Кара деңизде Орусия тараптан украин кемелери жана суучулдарынын кармалышы менен түшүндүргөн. Киев коңшусунун бул аракетин агрессия актысы деп атоодо.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: