Menu

Сузакта сойкукана табылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында сойкукана табылды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык кызматына Сузак районунда сойкукана иштетилип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анда сойкукананын кожейкеси кыздарга жумуш таап берем деп алдап, аларды короодон эч жакка чыгарбай, мажбурлап  иштетип жүргөндүгү айтылат.

Бул иш боюнча 26-ноябрь күнү атайын ыкчам тобу сойкулук менен алектенген кыздарды жана аларды иштетип жаткан кожейкесин да кармашкан. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Сойкулук  жайларын уюштуруу же күтүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Сурак берген кыздар сойкукананын кожейкеси аларды жумуш менен камсыз кылам деп алдап, ушундай жолго барганга мажбурлагандыгын айтышкан. Кыздарга короодон чыкканга тыюу салынган, эгерде чыга турган болсо, анда аларды катуу сабаган. Алардын ичинен жабыр тарткан 3 кыз кожейкесинен көргөн кордук боюнча облустук милицияга арыз жазышкан. Азыркы учурда тергөө иштери уланып жатат.

Учурда  жабыр тарткан кыздар Жалал-Абад шаарындагы калыбына келтирүү борборуна жеткирилген. Алар менен психологдор иштешүүдө.

 

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: