Menu

Кытайлык окумуштуу адамдын ДНКсын өзгөрттү

Бөлүшүү:

Кытайлык окумуштуу Хэ Цзянькуй тарыхта биринчи жолу адамдын ДНКсын өзгөрткөнүн жарыялады.  Анын иликтөөсүнө жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болгусу келген жети түгөй катышкан. Илимпоз алардан алынган эмбриондорду өзгөртүүгө аракет жасаган. Бирок жыйынтыгында бир гана түгөйгө тийиштүү эмбрион өзгөртүлгөн.

Ошентип, быйыл ноябрь айында ДНКсы өзгөртүлгөн эгиз кыздар жарык дүйнөгө келген.

Атайын технологиянын жардамы менен өзгөртүлүп, CCR5 деп аталган ген кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт. Окумуштуунун айтымында, иликтөөнүн максаты тукум кууган ооруларды айыктыруу же анын алдын алуу эмес, адамдын организминде  сейрек кездешкен СПИД сыяктуу илдеттер менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүн пайда кылуу болуп саналат.

Тактап айтканда, ДНКсы өзгөртүлгөн эгиз кыздардын организминде ВИЧ илдетине каршы туруп, аны жеңип чыгууга жөндөмдүүлүк пайда болгон.

 

Кыргызчалаган: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: