Menu

Бороновдун кадры гендиректор, Ширшовдун айдоочусу директор болду

Бөлүшүү:

“Дастан” заводунун директору болуп Темиралиев Таалай Асанбекович жакында але дайындалды. Бул адам биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун көздөй кадры экен. Себеби, бул адам Боронов ӨКМди 7 жыл бою башкарган кезде, анын стат-катчысы болуп иштептир. Анан калса, өкмөт тараптан ӨКМдин кызматкерлерине салынган батирлерди талашууда Темиралиев “башкы фигурант” болуп, көпчүлүктүн назарына илинип, кепке-сөзгө калыптыр. Бирок “суудан кургак” чыгып, минтип “Дастанды” баса жагылыптыр.

Кыскасы, Боронов деле “майлуу” кызматынан пайдаланып, өзүнүн чамасы чарк кадрларын чоң кызматка дайындап жатканы маалым болуп калды. Мындан да кызыгы, Бакиевдин тушунда Энергетика министри болуп, бул тармакта эмдигиче ийгиликтүү ишке ашып келаткан коррупциялык схеманы түзүп кеткен Алексей Ширшовдун айдоочусу болуп иштеген Иминов Талантбек Ороскулович да “Дастан” заводунун “Өнүктүрүү” боюнча директору болуп дайындалыптыр. Деги-эле акыркы жылдары айдоочулардын атагы катуу чыгып келет. Мына сага, кызык бекен! Бийликтин Ширшовдун балдарына күнү түшүп калса, анда абалы чатак экен…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: