Мына ушул адамдар өткөн жумада Бишкекте өткөн Курултайдын негизги авторлору болушту. Бул курултай элдин эмес, бир ууч гана адамдардын жеке кызыкчылыгын көздөгөн курултай болуп калганы Эштекбайдын энөө баласына да маалым болуп калды. Бул курултайда Бекназаров, Жээңбеков, Дүйшөбаевдер эл көзүнө “периште” болуп көрүнгүсү келип, болушунча бакылдашты. Эми бул адамдар таза болсо, элге убагында ак кызмат кылышса бир жөн эле. Чынында булар Кыргызстандын алдыңкы “коррупционерлери” экени талашсыз. Далай былыктары былгып чыгып жатса да, эмдигиче камалбай минтип элге акыл үйрөтүп, чалчактап жүрүшөт. Жээнбеков коррупция менен чындап күрөшүп жаткан болсо, мына ушулардын баскан балчыктуу изин иликтеп, чечкиндүү чара көрүшү зарыл. Ажонун эрки ушул маселеге жетет болду бекен?
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ