Menu

Динара Аляева элден чогулткан 4 миллион 322 миң сомду кайсы ишке сарптаган?

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары кайрымдуулук менен алектенген ар кандай фонддор көбөйүп кетти. Алардын катарында бир канча жыл мурун түзүлгөн “Помогать легко” деп аталган фонд да бар. Бул фонддун негиздөөчүсү Динара Аляева. Аталган фонд онкологиялык оорулар менен ооруган балдарга жардам берүүнү көздөйт. Мындай ооруларды нурдуу терапия аркылуу дарылай турган “Линейный ускоритель” деп аталган кымбат баалуу аппарат сатып алуу демилгесин бул фонддун аткаруучу директору Аляева 2016-жылдары эле демилгелеп чыгып, каалоочулар фондго акча которуп башташкан. Динара айымдын айтымында ал аппаратты (5-муундагы жаңысы) алуу үчүн жалпысынан 240 миллион сом чогултушмак.

2018 -жылы фондго чогулган каражат 4 миллион 322 миң сом болгондо акча чогултуу маселеси токтогон. Себеби, бул акчаны инвесторлор аркылуу сатып алуу максаты ишке ашырылып жатканы айтылган. Акыркы убактарда чогулган акча кайсы иштерге сарпталганы боюнча суроолор көп жаралууда. Айрым депутаттар да бул маселеге кайдыгер карабай, жыйындарда сөз козгоп, көтөрүп келатат. Биз мына ушул маселе боюнча ЖК депутаты, парламенттин Социалдык саясат комитетинин мүчөсү Айсулуу Мамашеваны учкай кепке тарттык.

Айсулуу МАМАШЕВА, ЖК депутаты: «ДЕПУТАТТАР «ПОМОГАТЬ ЛЕГКО» ФОНДУНА 200 МИҢ СОМ КОТОРУП БЕРГЕН. БИРОК МЕН АЛ АКЧАНЫ БИЛБЕЙМ..»

—Айсулуу айым, депутаттар “Помогать легко” фондуна “линейный ускоритель” аппаратын сатып алуу үчүн бир күндүк айлыгын которуп бергениңиздер чынбы?

—Чын. Жаңылбасам, 200 миң сом болгон. “Один доллар за жизнь” дегең акция болчу. Ал акцияга “Газпром” “Мөл булак” сыяктуу чоң компаниялар да өз салымын кошушкан. Пенсионерлерге чейин да колдоо көрсөтүшкөн. Динара Аляева жалпысынан канча каражат топтогонун билбейм. Бирок Кумтөрдөн бул аппаратты сатып алууга 7 миллион доллар бөлүнгөн. “Помогать легко” фондунун Байкоочу Кеңеши аркылуу чогулган акча көзөмөлдөнүп турат экен.

—Депутаттар чогултуп берген 200 миң сом деле оңой акча эмес. Сиздер өзүңүздөрдүн акчаңыздардын максаттуу пайдаланылып жатканына кызыгып, көзөмөлгө алдыңызбы?

—Мен бул маселе боюнча тыкыр көзөмөлгө алган жокмун. Бир ирет сураштырып, кызыгып көргөм. Мендеги маалымат боюнча чогулган акчаны бир нече жабдыктарды сатып алууга сарпташмак. Бирок жыйынтыгы кандай болду аны биле элекмин. Мен билгенден бул фонддун Байкоочу Кеңешине кадыр-барктуу адамдар мүчө болушкан. Чогулган акчаны мына ушул адамдар көзөмөлдөп, максаттуу пайдаланганга шарт түзүшү керек.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: