Menu

Курултайдын чечимдери ашынган коррупционерлер Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев сыяктуу соттолгон кишилерди актоо керек деп атышбайбы

Бөлүшүү:

Курултай деген немеден тажабай коюшту. Кызмат тийбей калган, иштен куулган, бир иштен үмүттөнүп жүргөн… дегинкиси «жөн эмес» шылуундардын башкаруусунда курултай өткөзмөй мода болуп бүттү… Курултайга келгендердин арасында бүлөсү менен айылын жадаткандар, арызчылар, акылы толук эместер, анча-мына «эпкин тийгендер» ж.б.у.с. менен кошо эле токтоо, акылдуу, билимдүү, «жакшы адам» деген мүнөздөмөсү бар адамдар да келет. Алар ушул курултайдан бирдеме чыгабы деп, турмушубуз оңолор бекен деп, коррупция тыйылар бекен деген үмүт менен келет… Бирок, ушуга чейин курултайлардан бир дагы жакшы көрүнүш чыккан эмес, чыкпайт дагы. Кантип чыксын, мамлекетти болушунча жеп-жуткан немелер доклад жасап турса, Бекназаров менен Жээнбеков айтылды.

Бекназаров Генпрокурор боло калган учурда «ойда тоюнду» деген кеп бар. Эмгиче кээ бир соттор, прокурорлор Бекназаровдун атын укканда тим эле боздоп жиберет дешет!.. Ал эми Равшан Жээнбеков болсо, кенедей кезинде Маммүлктү башкарып, ошол мүлктүн баарын итбекер сатып, өзү да тоюнган экен. Эми ошонун курултайда сүйлөөгө укугу барбы?! Далайды жеп-жуткан Кеңешбек Дүйшөбаев деген бар, андан алда-канча көп жеген Келдибеков менен Түлеев деген бар.

Курултайдын чечимдери карапайым таза адамдарды шылдың кылгандай болду да! Өзүңөр күбө болуңуздар ашынган коррупционерлер Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев сыяктуу соттолгон немелерди актоо керек дебатышпайбы. Э кудай урган немелер, булар таптакыр келесоо болуп калган делбетаптар го?! Булардын оюнда, дегеле Атамбаевдин убагында соттолгондордун баарын акташ керек экен, түрмөдө жаткандарын бошотуш керек экен. Ушундай да келесоо талап болобу?!

Курултайда Атамбаевди аябай сындашты, «жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чабышты», болгон-толгон кемчиликтердин баарын Атамбаев түзгөн экен. Ушунчалык да дөөпөрөстүк болобу?! Акаев кезинде баскан коррупция Сооронбай Жээнбековдун тушунда деле кеңири кадам таштап келатат. Трайбализм дегениң күчөп жатат. Кызматка жетекчиликтин жакындары туруп жатат. Эми ушуларды да Атамбаев жасап жатабы?!

Атамбаевдин артында да эли бар, ал да саясатта карт бөрү болуп бүткөн. Аны сындырабыз дегендери курулай дымак туундусу… Аны тегиз сатып жаткандар, анын ким экендигин жакшы билишет, анан эле кандек кейпине келе бериштин кимге кереги бар?

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: