Menu

КСДПнын саясый технологу эмнеге качты?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда мамлекет башчылар же шайлоого аттанган партиялардын акчасы көп лидерлери өнөктүк учурунда чет өлкөдөн, көбүнчө Россиядан саясый технологдорду ири сумма төлөп жалдап алып келип иштетишери журналисттер арасында айтылып калчу. Көрсө, мындай ыкма чын эле экен. Анткени өткөн жумада КСДПнын саясий технологу аталып келген Алексей Василивецкий деген өз мекени Россияга качып, калп айтканын моюнуна алган видеосу социалдык тармактарга тарап кетти. Ал кыргызстандыктарга жолдогон видео кайрылуусун таратып, журналисттин «Жээнбековдун штабында иштедиңиз беле?» деген суроосуна «Жок, иштеген эмесмин» деп туура эмес жооп бергенин моюнга алган. Василивецкий орус жараны экенин, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго кеңеш берип иштегенин, бул үчүн акы алганы чын экенин, соңку кезде аңдуулар жана кооптуу билдирүүлөр болуп жатканы үчүн Кыргызстанда сегиз жыл иштегенден кийин кетип жатканын минтип айтты: “- Мага карата негизсиз айыптоолор айтыла баштады, тааныштарым аркылуу “маңзат салып коюшат экен” деп айттырып жатышат. Кыргызстандан кетип, бул жактагы саясий кырдаалды сырттан  байкап турууну чечтим”.

Алгач бул адам тууралуу былтыр КСДПнын жаштар канатын башкарып, кийин АКШга кетип калган Ренат Самудинов айтып чыккан болчу. Партиянын саясатына нааразылыгын билдирген жаш саясатчы ал башка өлкөнүн жараны болуп туруп Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатканын, КСДП андан арылышы керектигин айткан.

Баса, Василивецкийдин аты жакында укук коргоочу Нурбек Токтакунов «Жээнбековдун борбордук штабы шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесинде бир нече жолу жазылган. Болгондо да ал ири суммадагы акчаларды алып жүргөндүгү белгилүү болгон. Биз билген маалыматка ылайык, бул саясый технолог шайлоо өнөктүгүндөгү “баалуу” кеңештери үчүн 170 миң АКШ долларын алыптыр. Каап, ушул акчаны тырнагынын кирин соруп жүргөн 170 кыргыз журналисттерине берип койсо не…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: