Menu

Айбек Бусурманкулов, жарандык активист: КСДП башында катышабыз деп кайра катышуудан баш тартышты

Бөлүшүү:

– Айбек мырза, курултайга неге КСДПдан өкүлдөр келген жок? Алар чакырылган эмес беле?

– Курултайдын уюштуруу комитетине кирүүгө баардык тараптарды чакырганбыз. Атамбаев башында турган КСДП партиясына 30 мандат берилген, тилекке каршы, башында катышабыз деп кайра катышуудан баш тартышты. “Замандаш” партиясы да катышабыз деп, аягында баш тарты. Бул алардын өз эрки. Ал эми “Ата-Мекен”, “Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Мекенчил”, “Аалам”, “Эл бийлиги” жана башка партиялар жигердүү катышты. Чакырса келбей, анан артынан ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатуу туура эмес да. А.Атамбаевге сын айткандардын баары эле С.Жээнбековду колдойт дегенге, ал эми С.Жээнбековго сын айткандардын баары эле А.Атамбаевди колдойт дегенге жатпайт. Үчүнчү, калыс оюн айткан күч бар. Чындык ачуу болсо да, эки тарапка тең калыс оюн айтыш учурда аба-суудай керек болуп турат. Биз болушунча калыс аянтча болгонго аракет кылдык. Азыр ар кайсыны айтып, кылдан кыйкым издеп жатышса да, буюрса Курултай чоң саясий процесстин башаты болот. Мен ага ишенем.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: