Menu

ТИМ: министр Кытайга каттаган чоң жүк ташуучу айдоочулар менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайга каттаган чоң жүк ташуучу айдоочулардын тобун – КР жарандарын кабыл алды. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда айдоочулар акыркы мезгилдерде Кытай Эл Республикасынын визасын алуу маселеси татаалдашып баратканын айтып, өз ойлору менен бөлүштү.

Министр айдоочулардын көйгөйүн угуп, маселени комплекстүү кароо зарылдыгын белгиледи жана жакынкы аралыкта тийешелүү министрлик менен биргеликте, айдоочулардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле, Ч.Айдарбеков айдоочулар көтөргөн маселени мыйзам чегинде карап, сунуш киргизүү тапшырмасын Министрликтин тийешелүү бөлүмдөрүнө тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: