Menu

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров депутаттар тарабынан сынга алынды

Бөлүшүү:

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеңеште айткан ою үчүн  депутаттардын сынына кабылды. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, ал өзүнүн кызматтык укугунан аша чапкан.

Бүгүн депутаттар мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча эки мыйзам долбоорун карашууда. Аталган мыйзам долбоорлорун кароо чыр-чатак менен коштолду.

Депутат Ирина Карамушкина эмне үчүн мамлекет начар кожоюн болгонун сураса, Э.Абакиров: “Кыргызстанда өкмөт өтө бат алмашып турат, анын айынан өлкөнү өнүктүрүүгө коюлган туруктуу максаттар жок. Ошондуктан, башкаруунун сапаты да начарлоодо” – деп жооп берген.

Буга карата бир нече депутат теригип, Абакировду кызматтык этиканы сактоого чакырышты. Депутаттардын айтымында, анын мындай билдирүүлөрдү жасаганга кызматтык укугу жок.

“Жаш кадрларды кечке эле уруша бериштин кереги жок. Алар аракет жасап, иштеп жатышпайбы. Бир нерсени жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылып жатышат, биз болсо аларды колдоонун ордуна, кызматтык этика жөнүндө айтып, аларды тыйып коюп отурабыз. Жаштар мамлекеттик кызматка келгенде дым чыгарбай отуруп калышат, анткени алар ашыкча сүйлөп алуудан коркушат” – деп болушту нааразы болгон Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтык этика бар экенин, аткаминерлер эмнени айтып, эмнени айтпашы керектигин билүүсү зарыл экенини айтты.

Натыйжада, депутаттар эки мыйзам долбоорду тең катуу сынга алышты. Алар долбоорлорду Экономика министри менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун орун басарлары көргөзүп жатканына нааразы болуп, мыйзам долбоорлорду кароону күн тартибинен алып салышты. Долбоорлорду Олег Панкратов менен Ринат Түлебердиев өздөрү коргоого даяр болгондо гана аны кароого кайтып келишет.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: