Menu

Динара Тилекеева: Элдин сүйүүсү менен жашап келе жатам…

Бөлүшүү:

Эл сүйгөн, көптөр суранып ырдаткан ырчы Динара Тилекееваны кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Динара Тилекеева деген мыкты ырчы болушуңузга кимдердин салымы бар?

-Менин ырчы болушума, ырчы болуп калыптанышыма көп адамдар салым кошту. Көп ырчылар устат болду. Себеби, мен бала кезде эле ырдаганды жакшы көрчүмүн. Өзүмдү ырчылыктан башка кесипте элестете алчу эмесмин. Улуу муундагы эжелердей болуп ырдагым келчү. Ошон үчүн Жалал-Абад облусуна келген концерттин биринен да калбай барчумун. Мага улуу муундагы эжелердин ырларын угуу, ырларына таасирленүү өзүнчө бакыт болсо, алардын кийген көйнөгүн көрүү андан да чоң бакыт эле.

Ошондой изденип, ырчы болуп жүргөн күндөрдүн биринде  Рахматулла Козукеевге жолугуп,  мамлекеттик болбосо да, “зор тамаша куудулдар” тобунда ырчы, куудул болуп иштей баштадым.  Андан кийин Муктар Кырбашевдин “Достук деген тобунда” ырчы болуп иштедим. Муктар агай мага ырчылык өнөрдүн көп сырларын үйрөттү. Бир күнү тойдо Шахра Талиповага жолугуп калдым. Ал талантымды баалап, ырдагынымды жактырып филармонияга иштөө сунушун айтты. Эртеси директорго жолуктуруп, филармонияга ырчы кылып орноштуруп койду. Ошондогуу кубанычыма чек жок эле. Борбордогу чоң сахнага го алып барган, мага  чыгармачылыктын чыйыр даңгыр жолун көрсөткөн эжелерибиздин бири Эмгек сиңирген артист Алтынай Нарбаева болду. Ал кишинин мээрими чексиз. Алтынай эже энелик мээрими менен мага устат болду.

-Кайсыл ыр визиттик карточкаңыз болду?

-Кандай ыр ырдасаң деле өзүнүн угармандарын табат экен. Болот токтобаевдин “Каркырам” деген ырын ырдаганымда “каркырам”, Ашыралы Айталиевдин “жылкычынын ыры” деген ырын ырдаганымда “жылкычынын ыры” деп чакырышчу. Кийин Гүлсүн Мамшованын репертуарынан “Айбыгып жүрөм” деген ырды ырдадым. Ошол ыр менен улуу муундун колдоосуна ээ кылды. Каркырамды азырга чейин ырдап бер деп суранышат. Бирок. азырга чейин визиттик карточка болгон ырды издеп жүрөм. Таба элекмин.

Кандай жанрдагы ырларга басым коёсуз?

-Элдик ырларга басым койом. Ошондой эле сөзү маанилүү, маңыздуу, сөзү менен обону төп келген ырларга ыктайм. Рыспай Абыдкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Арзыбек Бедияровдун ырларын көп ырдайм. Кийинки муундан Алишер Тоотаев менен Түмөнбай Колдошевдин ырларын ырдап жүрөм. Ошондой эле Казаксандагы белгилүү композитор, Роза Аликажанын ырларына басым кой баштадым.

-Ырчылыктан эмне таптыңыз?

-Ырчылыктан көп нерсе таптым. А дегенде жашоомду, өзүмдү өзгөртө алдым. Улуу инсандар менен насиптеш, сахналаш болуп, чөйрө тарбиялады. Кудай буюрса. Сахналаштарымдын кеп-кеңеши менен ийгиликтерге жеттим, элге таанылдым, ырчы болуп, бала кездеги аруу тилегимди орундаттым.

Ырчылыктын сыймыгы көппү же түйшүгүбү?

-ырчылыктын сыймыгы көп. Ырдаган ырың эл жакшы кабыл алса, сенин ырыңды жакшы көрүп уккандар көп болсо. Канат байланып, ырдагың изденгиң келет. Ошондой учурда ырчылыктын түйшүгү деле көзүңө көрүнбөй, элдин колдоосу. Сүйүүс чыгармачылыгыңа ого бетер шык дем берет.

Өзүңүздү кандай ырчылардын катарына кошосуз?

-Мен өзүмдү эл сүйгөн,  карапайым, жөнөкөй ырчылардын катарына кошом. Элдин сүйүүсү менен жашап келе жатам. Кудай элдин сүйүүсүнөн айрыбасын.

-Кандай сыйлыктарыңыз бар?

– 2013-жылы маданияттын мыкты кызматкери деген төш белгиге ээ болгом. Андан тышкары эл аралык конкурстарга, фестивалдарга  катышам, лауриат болгом.    Жаңы жылга карата мен иштеген Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын эмгек жамааты президенттин ардак грамотасына татыктуу деген сунуш беришти. Буйрук болсо алып калармын. Буйрубаса жок. Ырчыга стимул бергенге сыйлык да жакшы, элдин колдоосу, сүйүүсү андан да жакшы. .

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: