Menu

Бекболот Талгарбеков: “Атамбаевди сотко берем”

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалында 19-ноябрдагы, кызматтан кеткенден бир жылдан кийинки маеги андан тажаган эл үчүн ысык-суугу жок. Бирок саясий элита, атуулдук коом, журналисттер үчүн, албетте, кызыгуу туудурду. Эгер Атамбаев өткөн мезгилде акыл калчап, иш-аракетине терең талдоо жасаганда, анда ал маегинин жарым саатын өзү бийликте тургандагы кемчиликтерди тизмектеп, кыргыз элинен кечирим сураса жарашмак. Ал эми калган бир саатты кыргыз эли, жери, мамлекетинин учурдагы көйгөйлүү маселелерин көтөрүп, аларды жемиштүү чечүү боюнча омоктуу ой-пикир, сунуштарын ортого салса, анда урматтоого арзыйт эле. Андай болбоду.

Атамбаев маегинин бир саатын өзүн актоого, жактоого, мактоого гана арнады. Ал эми калган жарым саатын президент Сооронбай Жээнбековду, саясатчылар Өмүрбек Текебаевди, Ахматбек Келдибековду, Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Кеңешбек Дүйшөбаевди, Эмилбек Каптпгаевди каралоого коротту. Атамбаевдин бир жыл аралыгында ныпым да өзгөрбөгөнү, кылымга тете кыянат иштеринен жыйынтык чыгарбаганы, дагы эле өзүн “кеменгер” сезип жүргөнү жалпыга даана маалым болду. Айтканды тастыктап, маекте көтөрүлгөн айрым маселелерге токтололу.

1. Коррупция боюнча.

КР тунгуч президенти Аскар Акаев 2014-жылы берген маегинде Атамбаевдин 90-жылдары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду алдап, жазуучуларга бөлүнгөн элүү миллион рублди (советтик) кымырып алып, ал акчага бир нече заводдорду менчиктеп алганын жарыя кылган. Элди, мыйзамды сыйласа президент Атамбаев дароо Акаевди сотко берип, өзүнүн актыгын далилдеп же отставкага кетүүгө милдеттүү болчу. Мисалы, бир нече жыл мурда Венгриянын президенти аны жүздөй адамдын “сиз жаш кезиңизде жактаган докторлук диссертацияда плагиаттык болуптур”- деген айыптоосун моюнуна алып, отставкага кеткен. Акаевдин билдирүүсүн юридикалык тилге которсок, ал: “Атамбаев – эгемен Кыргызстандын эң ири коррупционери”- деп айыптаган. Атамбаев бир ооз каяша айткан эмес. Демек, коомчулук Акаевдин айыптоосуна муюган. Эми, 19-ноябрдагы маекте, Атамбаев: “50 миллион рублди агезде Жазуучулар союзун жетектеп турган Асан Жакшылыков кредит катары алган”- деп,бир нече документти көрсөттү. Бул актануу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин ачып, текшериши зарыл. Анткени Акаев 50 миллион рубль грант акчасы жөнүндө айткан. Ал эми Атамбаев Жазуучулар союзунун кредит акчасы менен атайын чаташтырып жатат. Бул жөнүндө мага учурунда Жакшылыков өзү айтып берди эле. Атамбаев маегинде: “Мен коррупциянын деңгээлин эки эсеге кыскарттым”- деп кезектеги “өрдөгүн” учурду. Аныгында, эгер мурда коррупция мамлекеттин денесиндеги жара болсо, Атамбаев мамалекетти туташ коррупцияга малды. Эки-үч далил келтирели. Атамбаевдин жакын соратниги, КСДП депутаты болгон Галина Скрипкина: “Сотторду таңдоо кеңешиндеги 35 орундун ар бири 35 миң доллардан сатылды” (“Акипресс”, 16.10.14.). Вице-премьер-министр Валерий Диль: “Кайсы тармакты алба – баарында коррупция” (“Республика”, 23.07.15.). Коррупцияга каршы ишкерлик кеңешинин генералдык секретары Нурипа Муканованын доклады боюнча 2011-2015 жылдары коррупциянын деңгээли беш эсеге өскөн (“Деньги и власть”, 26.06.15.). Биз Атамбаевдин “өрдөгүнө” ишенебизби же аттуу-баштуу жетекчилердин фактыларынабы?

2. Тышкы карыз жана грант акча боюнча.

Жакында каржы министри Адылбек Касымалиев парламентте Акаев, Бакиевдин 19 жылдык бийлигинде 2,5 миллиард, Атамбаевдин тушунда 1,7 миллиард доллар тышкы карыз алынганын тактап берди. Эгер мурда кредиттер 40 жылдык мөөнөт, 0,75 пайыз менен алынып келсе, Атамбаев Кытайдан 20 жылга, үч пайыз менен алган. Каржы эксперттери муну “экономикалык кылмыш” деп баалашат. Эми Атамбаев мактанган үч ири долбоорду карап көрөлү. Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча Максим Бакиевдин 150 миллион долларлык долбооруна Атамбаев 286 миллион доллар коротуп, өлкөнү сызга олтургузганы бүгүн жалпыга маалым. Альтернативдүү “Бишкек-Ош” автожолу актуалдуу болбогонун, долбоорду иштетүү коррупциялашканын, жол курулуп бүткөндө аны пайдаланууга ар жылы зор чыгымдар жумшалаарын ЖК экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков далилдеп берди. Максимдин дагы бир долбоору – “Датка” электр чордонун куруу пайдалуу болгон. Буга рахмат. Бирок, эксперттер “Датка-Кемин” электр чубалгысын учурда куруу өлкөнү зор зыянга дуушар кылганын айтышат. Ал чубалгы качан гана Нарын ири ГЭСтерин куруп бүткөндө натыйжалуу болмок экен. Образдуу айтсак, жайлоодон күнүгө бир фляга сүт ташып турууга КАМАЗ автомашинасын колдонгондой эле көрүнүш. Карыз алууга машыккан Атамбаев алты жылда сокур тыйын инвестиция тарта албады. Анан эмнесине мактанат? Андан дагы, ал алты жылда “үч жарым миллиард доллар гранттык акча тарттым” деп өтө семиз “өрдөгүн” учурду. Анткени, А.Касымалиев отчетунда “1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өлкөгө 2 миллиард 200 миллион доллар гранттык каражат келди”- деп расмий билдирди.

3. Бажы төлөмдөрү боюнча.

Ар бир өлкөнүн кубаттуулугу экспорт жана импорттун көлөмдөрүнүн катнашы менен өлчөнөт. Кыргызстанда 2004-жылдан бери экспорт-импорт катнашы барабар болуп келген. Ал эми Атамбаевдин башкаруусунда импорттун көлөмү экспорттон үч эсеге (!) көбөйгөн. Бул факт – өлкөнүн экономикасынын үч эсеге алсыраганы. Дал ошол себептен “Форбс” бизнес журналы (АКШ) Атамбаев тушундагы Кыргызстандын экономикасын 177 өлкөнүн ичинен акыркы ондукка койгон. Атамбаев “мен бажы төлөмдөрүн үч эсеге көбөйттүм”- деп мактанат. Албетте, ата-мекендик өндүрүш кансырап, муунтулуп, өлкө импорттун наркотик ийнесине олтуруп калса бажы төлөмдөрү көбөйөт да. Мындай абалда экономиканы түшүнгөн, акыл-эси ордунда президент болсо: “экономиканы өлтүрүп алдым!”- деп өкүнүп ыйламак. Ооба, жакында Феликс Кулов айткандай, Кыргызстан дагы бир Атамбаевдей президентти көтөрө албайт болчу.

4. Маалымат согушу боюнча.

Тарыхты барактасак, баардык зөөкүр же дараметсиз өлкө башчылары эки ресурска өзгөчө таянышкан. Алар күч-сот органдары жана маалымат ресурсу. Классикалык үлгү-Гитлердин бийлиги. “Геббельстин пропагандасы” немец элин психология жагынан дүйнөлүк согушка толук даярдаганы белгилүү. Атамбаев дагы бийлик колго тийген жылдан тарта айтылган эки ресурсту өзүнө топтоп, эбегейсиз күчөткөн. Күч-сот органдары Атамбаевдин оюнчугуна айланышкан. Ал эми маалымат талаасында Атамбаев арзыматтардын ири армиясын түзгөн. Президенттик акыркы жылдарда маалымат үстөмдүгүн токсон пайыздан ашырып, сын айткандарды каматып, чынчыл журналисттерге он миллиондогон сом айып илген. Эл ичинде “Атамбаевдин чөөлөрү” деп атыгышкан арзыматтар күнү-түнү чарчабай иштешип, Атамбаевдин оппоненттерин мазактоо, каралоонун мыкаачылык жана жырткычтык ыкмаларын мыкты өздөштүрүшкөн. Ар бир оппозиционерди камоодо маалымат террору кеңири колдонулган. Далай орден-медаль, наамсыйлык алган “чөөлөр армиясы” жан үрөп кызмат кылган. Атамбаевдин бийликтен кеткенине бир жыл болду. “Көмүскө башкаруу” планы таш капты. Күч-сот органдарындагы көздөй кадрларды Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Айнаш Токтаевалар кызматтан кетишти. Атамбаевдин күч органдарындагы таасири дээрлик жоголду. Сот органдарында гана Икрамжан Илмиянов, Манас Арабаев коюп кеткен кадрлар толугу менен орундарын сактап, Атамбаевдин ыплас саясатын тымызын жүргүзүп келишүүдө. Бирок президент өткөн айда “бул тармакты да тазалайм” деген ниетин билдирди. Маалымат талаасында болсо Атамбаевдин армиясы кыйроого учураган. Аны далай “чөөлөрү” таштап кетишти. Бирок, Атамбаев бул жаатта “перегруппировка” жасап, мобилдүү “согушкер батальонун түзө алды. Ага бир нече телеканалдар, гезиттер, интернет булактары кирип, күжүлдөп иш алып барууда. “Комбаты” атактуу интрига чебери Фарид Ниязов. “Согушкер батальон” акыркы 2-3 айда коргонуудан чабуулга өтүп, жаңы бийликти мазактап, тынымсыз каралоого өтүп алды. Улам күчөп баратат. Ушул жерден айта кетейин. Мисалы мен Акаевдин бийлигинде иштедим. Биз, агездеги министр, губернатор, өлкө жетекчилердин жүйөөсүз сындан, куру асылуулардан коргоого аракет кылчуубуз. Ал эми азыр бир министр, ведомство жетекчиси С.Жээнбековду, М.Абылгазиевди, Д.Жумабековду маалымат айдыңында коргойбу? Эч кимиси коргобойт, көргөн-уккан жокпуз. Анткени алардын жалгыз “кудайы” – ЖК фракция лидери. Жаңы бийликтин идеологдору Атамбаевдин зөөкүр, ыплас маалымат террорунан алыс болуп, ошол эле маалда, президент Сооронбай Жээнбековдун тазалануу, жаңылануу саясатына жогорку деңгээлдеги, жоопкерчиликтүү маалыматтык колдоо көрсөтүүлөрү зарыл.

5. Саясий куугунтук боюнча.

Атамбаев маегинде: “Талгарбеков төңкөрүш жасайбыз деп ачык убада кылган. Аркабызда ФСБнын беш генералы турат деп айткан”- деген чындыкка таптакыр дал келбеген билдирүүсү менен биздин, “Элдик парламент” бирикмесинин беш мүчөсүн, мыйзамсыз каматуу, соттотуунун башында өзү турганын расмий моюнуна алды. Айта кетсем, эки жыл мурда журналисттер “Элдик парламенттин” мүчөсү Төрөбай Колубаевге: “силерди Россия бийлиги колдойбу?”- деп тике суроо беришкен.

Жооп: “Бизди Россиядагы мурдагы мекендештерибиз колдойт. Арасында генералдар да бар, алар 2010-жылдагы июнь окуяларын изилдөөгө жардам беришет. Ал эми орус бийлиги, президент Путин колдойт деп айтканга бизде эч негиз же укук жок”. Эми жакында далилсиз оор айып такканы үчүн Атамбаевди сотко беремин.

Бекболот Талгарбеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: