Menu

Демократияны аша чаап пайдаланган жокпузбу?

Бөлүшүү:

Эки күн мурун Тажикстанды бир ай аралап келген таанышым жолугуп калып көпкө чейин эзилиштик. Сөз ортосунда коңшу өлкөдө кандай жакшы өзгөрүүлөр бар экенине кызыктым. Биринчиден Душанбе шаарынын тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, элинин тартиптүүлүгүнө суктанганын айтты. Бир да кишиден бийликтегилери боюнча жаман сөз айтылбаганына таң калганын билдирди. Тартип катуу экенине түз көз карашта болгонун да кыстара кетти. Ал эми илгерки кыргыздар мекендеген Жерге-Тал, Мургаб райондорунун гана эмес жер-суулардын тарыхый аттары тажикчеге которулуп кеткенине кабатыр болгонун жашырбады. Окуу китептери тартыш, эски экенине ичи сыйрылганын, тилекке каршы колунан эч нерсе келбегенине тынчсызданды. Минтип отурушса этникалык кыргыздардын келечеги кооптуу болоруна да токтоло кетти.

Дагы бир көрүнүштү баса белгиледи. Биздегидей сакалды батектей койуп алып, узун дамбалчан жүргөндөрдү көрүүгө мүмкүн болбой калыптыр. Эгерде сакалы “стандартка” туура келбегендерди милисалар көрсө акырын чачтарачканага киргизип, таанылгыстай кейипке келтирип коюшарын айтканда кызыктай болдум. А биздеги абал кандай? Эгерде жагымсыз абалдагы сакалчандарды көрсөк кимибиз чачтарачканага жетелеп барууга дараметибиз жетет? Антсек эле балээге каларыбыз турган иш. Жөн жаткан уюктун жинине тийген болорубуз аштан бышык. Балким ушундан улам ар кандай агымдагы диндер өөрчүп жаткандыр деген ой башыңа келет. Анын үстүнө бийликтегилер да сакалчандарды иретке салууга көзү түз эмес. Эмнеси болсо да демократияны ашыкча пайдаланып жатканыбыздын кесепетин акыры көрөбүзбү деген жыйынтык чыгарууга туура келет.

А. Нурмаматов

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: