Menu

Душанбе шаарында Кыргызстан менен Таджикистандын ички иштер министрлеринин жолугушуусу өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-ноябрда Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын жана Таджикистан  Республикасынын ички иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев менен Таджикстан Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон өзгөчө көңүл бурууну талап кылган чек арага чектеш аймактардагы ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташууларына  байланышкан  бир катар маселелерди талкуулашты. Андан сырткары, жолугушууда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташууну бекемдөө боюнча негизги маселелер каралды.

Өз кезегинде  Кашкар Джунушалиев “Бүгүнкү күндө коңшу эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жогорку деңгээлге жетти. Акыркы жылдардын аралыгында ички иштер министрликтеринин бөлүмдөрүнүн бирдиктүү иш-аракеттеринин натыйжасында эл аралык экстремисттик жана террористтик уюмдардын активдүү мүчөлөрү кармалды. Министрликтердин кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө, экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүн алдын алууга багытталган механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү иштерди күчөтүү керек”-деп белгиледи.

Министрликтердин жетекчилеринин жолугушуусунда республикалардын чек арага чектеш райондорунда коомдук коопсуздукту камсыздоо сыяктуу жана башка эки тарап кызыктар болгон бир катар маселелер талкууланды. Ошондой эле биздин өлкөлөрдү укук коргоо органдарынын чөйрөсүндөгү  чек арага чектеш аймактардагы укуктук тартипти бекемдөөнү жакшыртуу менен кылмыштуулук деңгээлин төмөндөтүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча өнөктөштүк мамиле байланыштыраары белгиленди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жылуу кабыл алгандары үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуусун кеңейтүү менен бекемдөө үчүн керектүү күч жумшай тургандыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: