Menu

Фото – Кыргызстанда келгин куштардын “Кызыл китепке” кирген жапайы жана сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн саны өскөндүгү байкалууда

Бөлүшүү:

Кыргызстанда коргоого алынган жаратылыш аймактарында келгин куштардын “Кызыл китепке” кирген жапайы жана сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн саны өскөндүгү байкалууда. Бул тууралу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Буга Соң-Көл жана Чатыр-Көл көлдөрүнүн жана “Ысык-Көл” биосфералык аймактарына орнотулган фотокапкандарда тартып алынган сүрөттөр күбө болот.

Айта кетсек, Кыргызстанга жыл сайын 350дөн ашык жапайы жана сейрек кездешүүчү келгин куштардын түрлөрү учуп келет.

Мисалы, Ысык-Көлгө “Кызыл китепке” кирген фламинго сезондук миграция учурунда жана кыштоо үчүн да келгенин көрүүгө болот. Азыр Ысык-Көлдө 20дан ашык фламинго бар.

Фламинго негизинен Африкада, Азербайжанда, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азияда кеңири тараган.

Ошондой эле азыр Ысык-Көлдө “Кызыл китепке” кирген кыйкырчак ак куунун 991 башы байырлоодо.

Андан башка да Ысык-Көл биосфералык аймагында өтө сейрек кездешүүчү кара илегилектин бир-эки жубу уялоодо.

700дөн ашык турналар Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында кышташат.

Ошондой эле Кыргызстандын коргоого алынган аймактарында “Кызыл китепке” кирген тоо казы, жапайы өрдөктөр, дүйнөлүк фаунанын эң ири жана сулуу ак чардагы, ителги жана бүркүт сыяктуу жана башка жапайы канаттуулар байырлашат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: