Menu

Жаңы жылдык балаты 10-декабрда “жанат”

Бөлүшүү:

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында орнотулган жаңы жылдык балаты 10-декабрда  “жанат”. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.

Маалыматка караганда, башкы балатыны былтыркы жылга салыштырмалуу эртерээк жандандыруу пландалууда. Эске салсак, былтыр жаңы жылдык балаты 15-декабрда жанган.

Белгилей кетсек, быйыл 2015-жылы жасалган балатынын чогултулма конструкциясы орнотулган.

Балатынын узундугу 25 метр, диаметри 12 метрди түзөт. Ага  2 миң 400 ийне жалбырактуу бутак, 350 оюнчук, узундугу 4900  метр дюралайттан жасалган оюлар, 240 метр светодиоддук гирлянда жана 240 метр мишура илинип,  кооздолот

Ошондой эле “Ала-Тоо” аянтындагы фонтанга 16 кристалл орнотулду.

Балатыны жасалгалоо жана орнотуу иштерин “Бишкексвет” жана “Тазалык” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

«Кышкы жомок» деп аталган жасалгалоо концепциясы “Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Анда “Кар Ханышасы” жомогуна байланышкан элементтер пайдаланылат. Ал эми мамлекеттик гербдин элементтери чагылдырылган жаңы жылдык  логотибди башкы сүрөтчү Марат Жороев сунуштаган.

Булак:KyrgyzToday

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: