Menu

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот отуруму уланууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов районунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот отуруму уланууда.

Судья Санжар Чотонов биринчи медициналык эскпертизанын жыйынтыктарын окуду. Маалымат боюнча, кыздын төшүндө, ичинде ар кандай жаракаттар болгон. Мындан тышкары, кабыргалары сынып, бетинде жаракаттар катталган. Ошондой эле, судья кыздын ата-энеси маркумдун денесин толугу менен экспертизадан өткөрүүдөн баш тартканын кошумчалады.

2018-жылы 3-августта өткөрүлгөн комиссиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кыздын денесиндеги жаракаттардын 5 жери көрсөтүлгөн.

Алар маркумдун оң көкүрөгүндөгү жана көкүрөгүнөн жогору жеринде, ошондой эле ичинин сол капталындагы жаракаттар.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында бир жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшүп, көп узабай, жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдаалы кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: