Menu

Курманбек Дыйканбаев, президенттин парламенттеги өкүлү: Президентке курултай тууралуу болгон маалыматтар жеткирилди

Бөлүшүү:

Бул инсан соңку убакта президенттик аппараттын «ички ашканасында» олуттуу фигурага айланган чагы. Жакында азыркы кызматына президенттик аппарат жетекчисинин орун басары рангы кошулду. Кыскасы, кай жагынан караба, каарманыбыздын арааны жүрүп жаткан маалы. Биз бул сапар социалдык түйүндөр аркылуу азыноолак суроо-жооп алыштык.

– Курманбек мырза, саясый күчтөрдүн жакында болуп өткөн курултайы жөнүндө президентке туура маалыматтар жеткирилдиби?

– Албетте, болгону болгондой маалыматтар жеткирилди.

– Сиздин азыркы кызматыңызга удаа президенттик аппарат жетекчисинин орун басарлык рангы ыйгарылганында кандай сыр бар? Президентке мынчалык эмне болуп жагып калдыңыз?

– Андай деле шумдук бир сыр жок. Президентибиздин талабы эле – иш. Ишти сапаттуу, тез, убагында уюштуруу милдеттери турат. Ошондой эле мойнубузда аппарат менен тыгыз байланышта иш алып баруу озуйпасы бар. Мыйзамдар көп, жоопкерчиликтүү иштин жүрүшүндө милдеттер да арбыды. Президенттик аппарат менен Жогорку Кеңештин ортосундагы иш милдетимден улам эки аппарат менен тикелей иштешип жаткан соң, жоопкерчилик, мойнуңдагы жүк да көбөйөт экен.

– Сооронбай Шарипович менен жолугушканда көп учурда эмне жөнүндө сүйлөшөсүз? Парламенттин депутаттарына карата президенттин ою кандай?

– Өзүң байкагандай, президент парламентке келип турат. Ал эми өлкө башчыбыз менен ортобуздагы сүйлөшүүлөр парламенттеги иш-чаралар, андагы комитеттердин иши, фракциялардагы ой-сунуштар, Жогорку Кеңештеги каралып жаткан мыйзамдар, ошондой эле президентин өкүлү катары бекитилип берилген функциялар бар, ошонун тегерегинде кандай иш жүргүзүү жөнүндө сөз болот.

– Эски саясый өнөктөшүңүз Өмүрбек Бабановго карата оюңуз кандай?

– Оюм жакшы, ар кимде кемчилик бар, кечиримдүү болушубуз керек, алакандай кыргыз журтпуз. Мыйзам астында баарыбыз теңбиз. Күнөөсү далилденсе, жооп берет, таза болсо, келип элине кызмат кылат.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: