Menu

Жамбул Камчиев: “Кудайдын амири менен, келечекте Улуу кыргыз мамлекетин түзүүгө “шанс” бар”

Бөлүшүү:

 Белгилүү куудул Жамбул Камчиев мындан туура беш жыл мурда, 2013-жылдын 24-ноябрында өз табиятына жараша куудулданып, азил-тамашага салбай эле, кадыресе, олуттуу ниет менен кыргыздардын дүйнөдөгү таралышы боюнча ой жоруп, анан Улуу кыргыз мамлекетинин жер-аймагы кандай болушу керектигин “долбоорлоп”, “Фейсбукта”  макала жазган. Албетте, анын “олуттуу” макаласында көп фактылардын так эместиги, аргументтеринин ишенимсиздиги, бүгүнкү реалийден оголе ыраактап кеткендиги сыяктуу  толгон-токой олуттуу кемчиликтер бар. Ошого карабастан, Тажикстанда кыргыз айылдарынын аттарын тажиктештирүү, ал эми Кытайда кыргыздарга карата кысым болуп аткан бүгүнкү кырдаалда куудулдун айрым пикирлери актуалдуудай сезилип, ойлонтпой койбойт. Ошондуктан, Ж.Камчиевдин “Сары-Кол – кыргыздын тарыхый мекени” деген ал макаласын эч өзгөртүүсүз (орфография-пунтуациясына да тийишпей) жарыялоону эп көрдүк.

Сары – Кол кыргыздын тарыхый мекени.

Илгери 14-кылымдан 18-кылымга чейин кыргыздар Кара-Колдуктар жана Сары-Колдуктар- деп негизинен эки топко болунгон. Сары-Колду кийинчерээк Нур-Кап-деп атап калышкан. Себеби кун тийгенде нурдун баары ушул Памир тоолоруна топтолгондой сезилген.Совет доорунда Нуркап- Мургаб болуп озгоруп кетти. 1924- жылы Кара-кыргыз автономия обулусу уюшула баштаганда, бул бийик тоолуу чолком эч негизсиз Тоолуу- Бадахшан авт.облусуна карап калган. Алай,Алайкуу, Чон-Алай тарапты изилдеп,тактоо маселеси боюнча келген,ошол убактагы жетекчилердин бири Сыдык Абдырахманов Нуркапка баргандан зээригип, «Мындан ары кыргыз жашабайт»-деп оной бутум чыгарып Жерге-Талды,Сары-Колду Тажикстанга калтырып келе берген.Сары-Колдо Кошой,Бакай,Жакып,Акбалта,Кокотой,Акбалтанын Чубагы ж.б.туулганы «Манас» эпосунда кенен –кесир айтылган.Менимче С.Абдырахмановдун бул жонундо эч кабары болгон эмес. 1925-жылы большевиктер Туркистанда жерлерди, чек араларды тактоо,аныктоо(размеживание) иштерин жургузуп жатышканда, негизги принцип катары кайсыл улут басымдуу копчулук болуп жашаса ошол жерлер ал улуттун аты аталган союздук республикаларга карай берген. Бул иш чараны аткарып жаткан комиссиялык топто, большевиктер партиясы тузгондой 11 кишиден турган топтун составында бир орус, бир татар, бир еврей, бир украин, бир казак, бир турк(орто азиялык) ал убакта озбек деген улут,тушунук болгон эмес. Бир тажик, бир туркмон ж.б. улуттардын окулдору болгон. Мыскылдагансып кыргыз улутунан эч кимди кошушкан эмес. Ушул фактынын негизинде ошол комиссиянын ишин «субъективдуу»-деп таап,биздин парламент,бийлик,бир тараптууболсо да,жокко чыгарса болот. Ошол убактагы калпыстыктын кесээпетинен кыргыз улутунун курамын тузгон; Кыпчак, Найман,Канды,Саяк,Тоолос,Тейит,Бостон,Багыш,Конурат,Катаган ж.б.уруулар,алардын илгертеден ээлеген территориялары Казакстан, Туркистан (кийинчерээк Озбекстан),Тажикстандын карамагына отуп кеткен. Бул жерде негизги принцип сакталган эмес. Андыктан, Пушкиндин чыгармаларында айтылгандай «Киргизский степь» тарапта жашаган найман, кыпчак, канды,тоолос уруулары, комиссиянын составында кыргыз улутунан эч ким болбогондуктан, казак улуту менен чогуу аралаш казактын жери деп чечилген. Ал уруулар совет доорунда казактар менен ассимиляция болуп, жерлери казактын жери деп чечилип олтурат. 4 млн.дон ашуун кыргыз уруулары ушул убакта дагы, зордук менен Озбекстанда «озбектештирилуудо». 2025-жылы б.а. большевиктер партиясынын туура эмес алып барган ишин ондоо учун, 100 жылдан кийин, Борбордук Азияда айрым жерлерде кайра болуштурууну карап чыгууга ушул чолкомдогу олколор даярданышы керек. Тарыхый- деп аталган б.а. Атамзамандан бери мекендеп келген жерлерди оз улутуна, олкосуно алмаштыруу, тынчтык жолу менен кайтарып беруу процессин башкадан жургузуу керек. Тагыраак айтканда, кыргыз басымдуу копчулук болуп жашаган жерлер, элдуу пункттар Кыргызстанга, тажик коп жашаган кыштактар, Тажикстанга, Орто Азиялык турктор коп жашаган жерлер Озбекстанга, казак жашап жаткан айылдар, райондор Казахстанга тынчтык жолу менен отушу керек. Бул жерде анклавтарды кобойтпоого аракет кылуу туура болмок. Орто азияда жашаган; Яхуди, Уйгур, Калмак, Дунган, Сарт, Курд, Орус, Украин сыяктуу улуттардын озунчо улуттук округдарын тузуп, чек араларын тактап койсо артыкчылык кылбайт. Ал эми алмаштыруу иштерин коншулаш Озбекстан менен Казахстандын жетекчиликтери 2001-жылдан 2008-жылга чейин откорду. Озбекстандын Сыр-Дарыя областында жайгашкан айрым казак айылдары менен Казахстандын Кызыл-Ордо областындагы озбек кыштактарын 7 жылдын ичинде алмаштыруу, чек араларды демаркация-делмитация кылуу иштерин 2 жактуу келишимдин негизинде жургузушту. Муну Озбек, Казак жетекчиликтери Орустан, Еврейден, ООНдон сурабастан оздоруу эле чечип коюшту. Бул иштери учун, акылман чечкиндуу аракеттери учун Н.Назарбаев менен И.Каримовго ыраазылык билдирсе болот. Мындай жер алмашуу иштерин 1997-жылы Эстония менен Россия Нарва шаарынын айланасында жасашты. Эч ким эч нерсе болгон жок, трагедия кылбады. Бизде мисалы; Ворух тажик анклавынын устундогу тоолорду, Тажикстанга берип, Жергеталды Кыргызстанга алса неге болбосун. Анклавдардын проблемаларын эстекада жолдорун куруу менен чечсе болот. Айталы, Риштандан Сох анклавына 5 метр бийиктиктеги 30 километр узундуктагы эстекада жолду салууга. Озбекстанга уруксат берип, «заменге» Жалал-Абадтын Жийде айлынын Кара-Суу шаарына чейин, Кыргызстан Ханабаддын устунон 5 метр бийиктиктеги эстекада копуро жолун курса неге болбосун?
Ушул тапта Озубекстан менен тажикистандын бийлик тоболдорунун мамилеси ото начар, ошондуктан тажиктер Россияга баруу учун Кыргызстанды аралап отушот. Алардын башка жолу жок. Эгер биздин бийлик ушул артыкчылыгыбызды туура пайдаланып, «саясый рычактарды» колдонсо, Мургап районун же Кыргыздын тарыхий мекенин 100 жылга арендага ала алат. Андан ары Ооган бийлигин кондурууго бир кадам жакындайт. Улуу Памирдеги, Кичуу Памирдеги кыргыздарды биздин мамлекет оз канатынын алдына калкалап сактоого шарт тузулот. Мургапта 99% Кыргыз улутундагылар жашашат. И.Рахмондун бийлиги менен Тоолуу- Бадахшан авт. областынын борбору Хорогдогу элитанын коз караштары анчалык деле жылуу эмес. Муну да кыргыз бийлиги эске алып,пайдаланса болот. Кыскасы 1925-жылы орус-еврей пролетардык диктатурасынын каталарын ондоо учун, кыргыз бийлиги демилге которуп, созсуз иш алып баруусу абзел. Анткени, дуйно жузундо кыргыздай чачылган бир да улут жок. Буга, чет жакадагы, олколордогу кыргыз автономияларынын, округдарынын коптугу далил. Мисалы;
1. Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз авт.облусу.
2. Кытайдагы Ак-Тоо, Каптагай, Таш-Коргон, Лобнор кыргыз райондору.
3. Озбекстандагы Каракалпак (кыргыз) автономиялык республикасы.
4. Озбекстандын Ташкент, Жызак, Сыр-Дарыя, Андижан, Наманган, Фергана, Сурхан-Дарыя областтарындагы кыргыз райондору, айыл-кыштактары.
5. Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан авт.областынын Мургап району.
6. Тажикстандын Жерге – Тал району.
7. Тажикстандын Ленинабад обл. Мотфари, Кыргызабад, Жийделик, Бостон айылдары.
8. Ооганстандагы Улуу-Памир хандыгы.
9. Ооганстандагы Кичуу-Памир хандыгы.
10. Россия федерациясынын Хакас (кыргыз) республикасы.
11. Россиядагы Тува(Тобой кыргыз) республикасы.
12. РФнын Тоолуу-Алтай(кыргыз) авт. республикасы.
13. Россиянын Красноярский Крайындагы Шор райондук округу (шордуу кыргыздар).
14. РФнын Дагестан республикасынын Кумык-кыргыз району.
15. Молдованын Гагауз-кыргыз авт.району.
16. Украинанын Караим-кыргыз району.
17. Туркиянын Ван колунун айланасындагы кыргыз шаарчалары.
18. Индиянын Гималай Тибет тарабындагы кыргыз району ж.б.у.с.
Ушул кезде Россиянын дээрлик бардык региондорунда, АКШнын бардык штаттарында жана дуйнонун 40тан ашуун олколорундо жашап-иштеп жатышкан 1,5млн.кыргыз улутунун окулдорун, диаспорлорун эсепке албай эле туралы. 15жылдык бийлигинин тушунда олкобуздун эл чарбасын,экономикасын толугу менен талкалаган,кыргыз элин туш-тарапка тентиткен «алгачкы президент А.Акаевде эч кандай куноо жок эле»-дегендерди угуп, анкоолуктун чеги болбойт-деген созго ишенип кетем.
2004-06-жылдары Тажикстандын бийлиги Кытай гегомондорунун кысымына чыдай албай,тажик парламенти каршылык корсотпой ратификациялап, Мургаптагы бир кыйла кыргыз жерлерин Кытайга откоруп берген. Кытайда традиция болуп калгандай,бийликке ким келсе да созсуз турдо кошуна,чектешкен 18 олкого кезеги менен территориялык дооматтарын коё баштайт.Алардын бул онокот оорусу качан токтошу мумкун? Эгер Улуу Кытайдын кошуналары; – Тибеттеги, Синцзяндагы, Тайвандагы сепаратисттерине курал-жабдык жагынан жардам беребиз- дегенде гана Кытай тоболдору чочулап кошуналарын коркуткандан баш тартат- деп ойлойм. 1869-72-жылдары, Кокон кыргыз хандыгы кыйрагандан кийин, падышалык Россия менен Кытай мамлекетинин ортосундагы, Маргилан келишиминин негизинде кыргыздын эбегейсиз чон територриялары Кытай мамлекетине карап калган.
1945-жылы кыргыздын алгачкы аскер генералы Ы.Монуев Кытайдагы кыргыз, уйгур, казак, дунган, сарт-калмак элдеринин баштарын бириктирип, 30 мин аскер жыйнап Генерал Иссимус Чанхайшинин 100мин аскерин Лобнордо талкалап, Чыгыш Туркистан мамлекетин тузгон. Ал мамлекет болгону 4жыл гана жашады.Озунун аскери,акчасы,герби,туусу жана башка мамлекеттик атрибуттары болгон. Генерал Ы.Монуевдин «мен болочокто Чыгыш Туркистан менен Батыш Туркистанды бириктирип Улуу Кыргызстан мамлекетин тузом деген созу учун, 12 соратниги менен кошо алдап, Москвага Кремлге чакырып, Сталин коралбастык иттиги менен аларды 1949-жылы НКВДга берип, аттырып салган. «Самолеттон авиакатастрофа» болду деп, жалган маалымат таркаткан. 1936-жылы И.В.Сталин Кыргыз ССРин тузууго жардам бергени менен, 1950-жылы Чыгыш Туркистанды досу Мао дзе дунга откоруп берип, Улуу Кыргызстан мамлекетин тузууго болгон шансты жок кылган. Дуйнолук саясий оюндар ушинтип жургузулгон жана болочокто мындай оюндар дагы боло бермекчи. Кудай Тааланын амири менен Улуу кыргыз мамлекетин тузууго дагы бир нече жолу жакынкы жылдарда шанстар болушу мумкун. Кыргыз бийлиги буга дайым даяр болушу керек. Андыктан кул сыяктуу ой жугуртуудон алыс болуулары зарыл.

Жамбул Камчы, Ош-Бишкек

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: