Menu

Грузиядан Кыргызстанга мыйзамсыз автоунаа ташыгандар аныкталды

Бөлүшүү:

Грузиядан кымбат баалуу автоунааларды аткезчилик жол менен ташыган трансулуттук уюшкан топ аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар ташып келген унааларды бажы төлөмдөрүн төлөбөй эле Кыргызстанга киргизип жүрүшкөн. Мындан тышкары аталган топ Орусиядан уурдалган унааларды алып келип, механикалык жол менен ВИН-коддорун өзгөртүп, каттоого алуу үчүн жасалма каттоо номурларын даярдап жүрүшкөн.

Шектүүлөрдүн бири 28-ноябрда Армениядан Кыргызстанга экстрадицияланып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Өкмөт былтыр июлда автоунааларга болгон бажы төлөмдөрү менен салыктарды 2014-жылдагы деңгээлге чейин төмөндөткөн. Андан соң автоунаа көп импорттолгон багыттардын бири Грузия болуп калган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: