Menu

Түштөн кийин сайраган “булбулдардан” не пайда?

Бөлүшүү:

Өткөн аптада бир катар саясый күчтөр (тагыраагы, баягы «жыдытма жүздөр») жыйын кылып, Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүктөрүнө «трибунаны титирете» баа беришти. Эми бул жагын өзүнчө сөз кыларбыз. Азырынча бир нерсени баса белгилеп коюу зарылчылыгы келүүдө. Дал ошол соңку курултайда Азимбек Бекназаров менен Эмилбек Каптагаев Атамбаевдин 6 жылдык баскан изине баа беришип, экс-президентти «узурпатор, Кокон хандыгындагы бийлик түзүлүшүнүн башчысы» сыяктуу бир катар образдуу салыштыруулар менен жөөлөп турушту. Экөөнүн «алтын шилекейи» астында агышып чыккан кептери сөз жок негиздүү экенин танбайбыз. Болгону ушул жерден артка чегинүү менен бир көрүнүштү алдыңарга тартуу этип коёлу.

2011-2013-жылдары «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүнө дал ушул Азимбек Бекназаров менен Эмилбек Каптагаев генерал Өмүрбек Суваналиев менен дебатка чыгышып, кыраакы опердин «Атамбаев бийликти узурпация кылып алды, мунун колунан өлкөнү башкаруу келбейт» деген өңдүү таамай анализине чычалашканын «Азаттыктын» архивин аңтарсаңар дароо табасыңар. Азыр «булбул сымал сайрап» жатышкан береги экөө (өзгөчө Каптагаев) эмнеге убагында Атамбаевге азыркыдай айбатын көрсөтүп, адилеттүү сынын ошондо айткан эмес? Булардын азыркыдай «сайрап жатышкан» кептерин кыргыздын «Комиссар Каттаниси» Атамбаев күркүрөп-шаркырап турган кезинде айтпады беле? Убактылуу өкмөт мүчөлөрү эмнеге анда үн катышпады? Дал ошол 2013-жылы Суваналиевдин астында Атамбаевди айга-күнгө теңеген «эмгеги үчүн» Эмилбек Каптагаев теледебаттан туура бир жума өткөн соң Ысык-Көлгө губернатор болуп кеткенин унута элексиңерби? А баса, Кеңешбек Дүйшөбаев деген эргул да түштөн кийин кыйкырып, Атамбаевди сындамыш этип жүрөт. Убагында УӨнүн мүчөсү катары булардын да мамлекет астында күнөөсү бар экенин билбейсиңерби? Ушул жерден токтото туралы, мындан аркысын өзүңөр кимдин-ким экенин ажыратып алсаңар болот.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: