Жогорку Кеңештин кечээ күнү өткөн жалпы олтурумунда депутат Алтынбек Сулайманов спикер Дастан Жумабеков менен кайра тирешип калды. Буга чейин Сулайманов Жумабековго эскертүү берип, «время пошло» дегендей, «үч жолу эскертүү беребиз, андан кийин сиздин төрагалык маселеңизди карайбыз» деп ачык эле эле сөөмөй кезеген. А, бир чети депутаттар менен спикердин ортосундагы мындай пикир келишпестиктердин жаралышына төраганын акыркы учурларда парламент дегендин даражасын таптакыр эле өкмөт менен азыркы президенттин адвокаттык конторуна айлантып салгандай «атмосферасы» себеп болууда. Бул күнү болсо күн тартибинде “2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчётту бекитүү тууралуу”, «2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө», «2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралып жаткан. Айрым депутаттар 3 мыйзамды өз өзүнчө карайбыз десе айрымдары чогуу кароону сунуштап, өз ара чечим кабыл ала албай түшкө чейин отурушту. Анан калса улам эле бир жеринен төрага Жумабеков төбөдөн түшүп кийлигише бергенинде Алтынбек Сулайманов: «Ар бир мыйзамды өз өзүнчө алып келтиришиңиз керек эле. Эмнеге чогуу карайбыз деп жатасыз? Анча болду өкмөткө өкүл болуп алыңыз анда» , -деди. Ошондо эмне, эсеп боюнча эми Жумабеков кесиптештеринен дагы бир сын укса төрдөн тебилеби? Бирок, чын-чынында акыркы убактарда Жогорку Кеңештин саясий кадыр-баркы коомчулук арасында болуп көрбөгөндөй түшүп кетткени да анык…
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ