Жакында Ош базарындагы кафелердин биринде чай ичип гезит окуп отурсам, динчилдер экени кийиминен байкалган эки жигит жаныма келип: «Алдагы каапырлардын гезитин окубай, ыйман басылмасын окуңуз», – деп «Ислам маданияты» гезитин сунушту. Мен «Ай, балдар, биз дүйнөбий мамлекетте жашайбыз. Антип элди «каапыр», «ыймандуу» деп бөлгөнгө укугуңар жок» деп баш чайкап кала бердим. Алар тегерегимдеги башка адамдарга да «каапырлардын коркунучун» айтып ормон опуза сөздөрүн улантышты. Көпчүлүк алардын сөздөрүн колдоп, баш ийкеп жатканын байкадым. Ошол окуя ушул макаланы жазууга түрткү болду.
Эч нерседен бейкапар 15 союздук республика таратылгандан кийин Кыргызстандын идеологиясынын ордун тышкы күчтөрдүн тымызын колдоосу менен саясатташкан диндердин ар кандай агымдагы идеологиясы аста-секин ээлеп келатышканын байкап келе жатсаңыздар керек. Элди уруу-урууга, топ-топко бөлгөн шайлоолордун мансапка азгырып, алагды кылган шайтан оюндарын, кыргыздын идеологиясынын чырагы болуп келген интеллигенциянын кайдыгер боло баштаганын ыктуу пайдаланган ар кандай агымдагы салттуу эмес диний идеологиялар акыркы жылдарда өтө жанданып баратканы айтпаса да белгилүү.
Демократияга даяр эмес, улуттук идеологиясы калыптана элек өлкөнүн идеологиялык боштугун ээн-эркин пайдалана баштаган андай жат идеологияларды ошол кезде эле өз ордуна коё турган убак эчак өтүп кеткен. Алар дүйнөбий түзүлүштөгү мамлекеттин Конституциясын коргой турган мурдагы өлкө жетекчилеринин кайдыгерлигинин кесепетинен тамырларын бир кыйла тереңдетип алган. Ушундай кооптуу кырдаал күндөн-күнгө өрчүп-өнүгүп баратканына кыргыз идеологдору менен интеллигенциясы азыр деле камаарабаган таризде болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Түзүлүп калган диний кырдаал тууралуу өлкөнүн тагдырына күйгөн инсандар жалпыга маалымдоо каражаттарында канчалаган коңгуроо кагып жатса да, тереңдеген маселеге идеологиялык-саясий баа берилбей жатканына таң каласың.
Өзүңүздөргө маалым болгондой, дүйнө азыр тынч эмес. Бүткүл дүйнө элдерине коркунуч туудуруп жаткан диний фанатизмге, экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү милдети Кыргызстандын алдында деле кашкайып турат. Бул коркунучтар бийлик менен оппозициянын жана жалпы элдин ичинде бекем ынтымак, мамлекет менен диндин ортосунда тилектештик, өлкөдө темирдей тартип өкүм сүргөн учурда гана ооздукталышы мүмкүн. Анткени өлкөдөгү ырксыздыктан, анархиядан шайтандын кулагы сүйүнүп, мамлекеттин түзүлүшүн өзгөртүүнү союз тарагандан бери самап келаткан ички жана тышкы күчтөрдүн чырагына май таамп, араң эле турушат. Айтор, келечегибизди ойлобой кайдыгер боло берсек, “жей турган бөрүлөр тиштерин кайрап, баарына дапдаяр турушат”. Эгер андай болбосо, диний фанатизмдин элементтери Кыргызстанда кайдан пайда болуп жүрөт?
Фанатизм дартына ууландырылган көптөгөн атуулдарыбыздын ислам динине эч бир тиешеси жок Сириядагы согушка барып катышып жатышканы, тигил же бул динди тутууга же тутпоого конституциялык укугу болгон аял кишинин сөөгү диний мамлекеттин эмес, дүйнөбий мамлекеттин жериндеги мүрзөлөрдөн бир нече жолу казылып алынып мазакталганы жана мындай бейбаштыктар буга чейин деле болуп келгени, айрым атуулдардын уул-кыздарын милдеттүү болгон медициналык эмдөөлөрдөн баш тартышы, мамлекеттин Гимни уктурулган учурда динчил кыздардын ордунан турбай коюшу сыяктуу фактылар буга далил боло алат.
Албетте, жогоруда айтылгандар көрүнүштөр кооптондурбай койбойт. Бул өз өлкөсүндө жашап туруп, тагдыр-насиби байланган мамлекетинин баш мыйзамы – Конституцияга баш ийбегендик жана аны сыйлабагандык деп айтаар элем. Мамлекет мындай көз караштагы атуулдарын мыйзам чегинде тартипке чакырбаса, алардын саны улам көбөйгөн сайын чоң проблемаларды пайда кылат. Мамлекеттин Баш мыйзамына колунда атуулдук паспорту бар бардык жарандар баш ийип, кандай түзүлүштөгү өлкөдө жашап жатышканын беш колундай билип жүрүүгө милдеттүү. Ар ким өз каалоосуна, идеясына ылайык келе турган башка түзүлүштү курууга, элди ага үгүттөөгө Конституция жол бербейт. Ошондой ниет менен тышкы күчтөргө таянып, жаңжал чыгарган тажик диний оппозициясы кандай тагдырга туш болгонун билесиздер. Тажик бийлиги арадан бир нече жыл өткөндөн кийин бул оппозицияга кайсы тышкы ислам мамлекети жол көрсөтүп жардам бергенин кечээ жакында эле расмий түрдө жарыялаганын уксаңыздар керек. Кыскасы, мамлекет атуулу менен, атуулу мамлекет менен иши болбой алыстап калышы анархияга алып келери шексиз.
Бул макаланы окуган айрым диний идеологдор: “Бул адам динге каршы турбайбы… ” деп дароо эле бир беткей бүтүм чыгарарын алдын-ала сезип турам. Себеби, буга чейин деле ушундай бир тараптуу сөздөрдү угуп келгем. Мен дүйнөбий өлкөдө бийлик тизгинине көз арткан саясатташтырылган диндин эмес, нукура мусулманчылыкты туткан ата-бабаларыбыздан мураска калган салттуу динибиздин тарапкеримин. Бала кезибизде айылдагы аксакал молдолордун колуна таягын карматып, кепичин алдына оңдоп коюп, акыл-насааттарын угуп тарбияланганбыз.
Эгерде азыр беш убак намазын окуп, мамлекеттин иштерине аралашпай, саясат дегенди билгиси да келбеген чыныгы момун молдолор болсо, сакалынан жыттап сыйынып турар элем. Тилекке каршы, андайлар азыр азайып баратат. Алгачкы адеп-ахлак, ыйман тарбиясын айылдагы күмүш сакал ошол нукура молдолордон алганмын. Алар берген нравалык тарбияны беш жыл окуткан университет да бере албайт. Алар бизге дайыма: “Дүйнө тынч болсун ылайым, өкмөтүбүзгө рахмат, өлкөбүз өнүксүн, силер балдар, мектепте жакшы окуп, бир кесиптин ээси болгула, Кудай жолунда жүргөндү унутпагыла”, – деп бата берип турушчу. Мен алардын айтканын аткарууга дайым аракет кылам.
Журналисттик кесипке ээ болуп, коммунисттик идеологиянын жоокери болгондон кийин деле Пайгамбарыбыз Мухаммад Алейхис Саламдын миңге жакын хадистерин (осуяттарын) тажикчеден кыргыз тилине которуп, 1991-жылы алгачкылардан болуп союз доорунда жарыкка чыгаргам. Коммунисттик идеология дүркүрөп турган маалда менин бул аракетимди жактыргандарга караганда жактырбагандар көбүрөөк болгон. Ошол жактырбагандарга: “Пайгамбардын осуяттарын коммунисттер да, космонавттар да, айтор кимиси болбосун окуса зыяны жок, ”- деп айтчумун. Улуу философтордун, даанышмандардын залкар ой-мурастары да, пайгамбардын осуяттары да адамды адам кылып тарбиялай турган асыл мурастар экенин азыр деле айтып келе жатам. Бирок, тилекке каршы, учурда дин десе эле түшүнүп-түшүнбөй башкача кабылдагандар өтө арбын.
Саясатташпаган салттуу диндин нравалык пайдасы баа жеткис. Эгер дин ишмерлери аны туура жолго багыттап иш жүргүзүшсө, мамлекет үчүн руханий чоң күч-кубат болот эле. Ал эми туура эмес иш жүргүзүү кандай зыян келтирээрин Мухаммад пайгамбарыбыз хадистеринде осуят кылып эскерткен: “Динде чектен өтүп, аша чаап кетпеңиздер. Анткени, сиздерден мурда өткөн муундар чектен өтүп, аша чаап кетишкени үчүн курман болушкан, ” “… динди оңой кылып көрсөтүңүздөр, татаалдаштырып жибербеңиздер. Адамдарды сүйүндүрө турган сөздөрдү сүйлөңүздөр, аларды ар түрдүү туура эмес сөздөр менен коркутпаңыздар, ”- деп айтылат. Мен бул хадистерден динди фанатизмге айландырбоону, фанат болуп кетпөө керек деген маани-маңызды түшүнгөм. Демек, биз динге эмес, диний фанатизмдин өнүгүп кетишине каршы турушубуз керек…
Мирзахалим Каримов
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ