Учурда, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Жайыл РИИБдин имаратында өлтүрүлгөн Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурумдар болуп жатат. Бирок, бүт коомчулук кулак түрүп турган процесстер кандай болуп жатат? Ошол процесстерде эмне болууда?
Депутат Дастан Бекешов башында «Бурулайдын эстелигин ИИМдин имаратынын алдына тургузуп коюш керек» дегени бир аз өөн туюлган. Азыр болсо Бурулайдын эстелигин Жогорку соттун алдына тургузуш керек болуп калды окшойт? Себеби, «правосудия» дейбизби, же башкачабы, айта келгенде Бурулайдын өлүмү тууралуу сот процесстериндеги жана жалпы эле мамлекеттин укук коргоо системасынын абалы, алардын чыныгы жүздөрү көрүнүп жатат.
19 жаштагы Бурулай ушул жылдын 27-майында ала качып бара жаткан жигит тарабынан Жайыл райондук милициянын имаратында бычакталып, өлтүрүлгөн. Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылган. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу каза болгон. Андан кийин кызды бычактаган адам өзүнө да кол салып, ооруканага жеткирилген.
Шектүү делген Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголгон.
Азыркы соттук процесстерде шектүү адам таптакыр башкача көрсөтмөнү берип жатат. Акыркы отурумга кылмышка шектүү делген адамды дарылаган дарыгер келбей койсо, эксперт-криминалист Эрмек Саманчиев да көрүнүп турган нерсени көрбөй аткан «сокурдай» болгону да таң калтырууда.
Негизки картина кандай: ИИМи дагы, соту дагы таптакыр «башка акыйкатты» коргоп жаткандай муздак жел согуп жатат. Чыйрыктырат жан дүйнөңдү!
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ