Menu

Жасалма, мыйзамсыз паспорт берүү боюнча дагы бир кылмыш иши ачылды

Бөлүшүү:

КРдин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы тарабынан жалпы жарандык паспортту мыйзамсыз берүүгө байланышкан коррупциялык кылмыш иши ачыкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын декабрь айында Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун чет өлкөлүк жарандарга жасап беришкен.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоо кызматынын калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы, азыркы учурда түштүк регионундагы калкты паспорттоштуруу жана каттоо боюнча бир бөлүмдүн башчысы болуп иштеп жаткан О.У аттуу кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу), 315-1-беренесинин 2-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке КРдин жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү), 350-беренесинин 5-бөлүмдөрүнө (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: