Menu

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жок дегенде бир жыл маарекелерди токтотуу сунушуна, премьер-министр каршы чыкты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Дастан Бекешов 2019-жылы  эстеликтерди тургузуу, көрүнүктүү адамдардын элесине арналган маарекесин өткөрүү сыяктуу иш чараларды мамлекеттик бюджеттен каржылоону бир жылга токтотуу сунушун киргизди.

2018-жылдын бюджетинин эсебинен Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин белгилөөдө анын эстелик-айкелин жасоо үчүн 37 миллион сом бөлүнгөн.

“Мындай эстеликтер сөзсүз түрдө керек, бирок мамлекеттик бюджетте чоң дефицит болбогондо гана ушундай каражатка эстелик тургузсак жарашмак”, – деп билдирди Дастан Бекешов.

Парламенттеги отурумда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул демилгеге каршы чыгып:  “Мамлекеттик ишмерлердин маарекелерин анда кантип өткөрөбүз?”, -деди. Премьер-министрдин позициясын депутаттардын көпчүлүгү колдошту.

Ал эми Д.Бекешев өлкөнүн Жогорку Кеңеши менен өкмөтү майрамдарды өткөрүүнүн башка жолдорун ойлоп табышын каалагандыгын айтты.

Кыргызчалаган:KygyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: