Menu

Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган Президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Грузиянын Президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем.

Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектемин.

Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Грузия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: