Социалдык тармактарда тараган, кыргыз кыздар сууга чөмүлдүрүлүп, чокундурулуп жаткан видеодогу көрүнүштүн православдык чиркөөгө эч кандай тиешеси жок экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандагы православдык епархиянын басма сөз катчысы Анна Грекова билдирди.
Анын айтымында, православ христиандардын чокунуусу чиркөөнүн ичинде гана өткөрүлүшү керек. Андан тышкары, диний ыр кыргыз тилинде ырдалбайт. Видеодо көрсөтүлгөндөй ырым-жырым, эрежелер православдык христиан дининде жок. Ак кийим кийип алып, ар кандай диндин же секталардын өкүлдөрү деле чокуна бериши мүмкүн. Демек, тигилер кайсы бир сектанын өкүлдөрү болушу ыктымал.
Эске сала кетсек, бүгүн кыргыз кыздарынын кайсы бир динди кабыл алып, сууга чөмүлүп жаткан видеосу тараган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ