Menu

Азимбек Бекназаров: «Атамбаевге алданып калдык, кетирген кемчилигибизди моюнга алып, муундарыбыз алдында, тарых алдында тазаланып алалы. Бизге үчүнчү революциянын кереги жок»

Бөлүшүү:

2018-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында Кыргызстандын жети дубанынан атайын делегаттар катышып, курултай болуп өттү. Кыргызстандын коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайында Азимбек Бекназаров менен Эмилбек Каптагаевдин сүйлөгөн сөздөрүн берүүнү туура көрдүк

Урматтуу делегаттар, урматтуу чакырылган коноктор! Кыргыз элинде башканы коюп, Манасты айт — ​деген таасын сөз бар. Эл башы, журт, өлкө башчысы болушкан президенттер жөнүндө сөз болгондо, элибиздин ушул таасын сөзү ар дайым менин көңүлүмдө турат. Мен деле Манасты ырдаган Ырамандын ырчы уулундай, президенттерди мактап, даңктасам дейм, бирок ачуу турмуш көрсөтүп келе жаткандай ал мага буйрубай, тескерисинче президенттерди сындоо, үстүнөн кол тийбестигин алуу, аларга кылмыш иш козгоо, вазийпасы жүктөлүптүр, же мен Ырамандын ырчы уулундай эмесмин, же президенттер Манастай боло албай келишет. Бүгүн да эки президенттин ишмердүүлүгүнө баа беребиз деп турабыз.

Чынын айтайын бийликте, аракетте турган президентке сын, баа берүү жөнүндөгү докладдан мен деле качтым, себеби кыргыз саясий элитасында, айрыкча өздөрүн акылдуубуз, интеллигенттербиз деп сезген социалдык чөйрөдө бийликте турган президентке сын, пикир айтуу акылсыздык, айбандык, жок эле дегенде оппозиционер катары кабыл алынып, президенттердин кылычын чабуу, таламын талашуу, ага кошоматчылык кылуу жогору бааланып, акылдуулар катары эсептелерин мен деле билем. Ошон үчүн докладды башкалар, жаңылар, жаштар жазсын деп катуу турдум. Бирок пикирлештерим демилге көтөрдүңбү, өзүң айт — ​дешти окшойт. Мага жүктөп коюшту.

Урматтуу делегаттар, президентибиз Сооронбай Шариповичтин президент болуп иштегенине бүгүн туптуура бир жыл болуптур. Бул мөөнөт ичинде Кыргызстандын көпчүлүк эли, саясий-коомдук уюмдар, жеке саясатчылар да анын толук кандуу иштешине тоскоолдук кылган жок. Негизинен колдошту. Анын ичинде ушул курултайды өткөрөбүз деп демилге көтөргөн ТЭКтин активдүү мүчөлөрү, жана ал демилгени колдошуп уюштуруу комитетине киришкен саясий-коомдук, мекенчил уюмдар да бар. Муну бийлик талашкандардын курултайы дегендерге жооп кылып айтып жатам.

Президент С. Жээнбековдун бир жылдык ишмердүүлүгүнө баа берүүдө, мен сиздердин көңүлүңүздөрдү бир нече олуттуу жагдайларга бурууну туура деп таптым. Алар: биз бүгүн кандай мамлекетте, коомдо жашайбыз? Президент С. Жээнбеков кандай мамлекетке, кандай коомго, кандай саясий күчтөрдүн колдоосу менен президент болуп шайланды, ушул жагдайлар. Буларды олуттуу дегеним, президенттин бир жыл ичиндеги жана кийинки кадамдары, так ушул жагдайларга байланыштуу. Менин жеке пикиримде, биз саясий экономикалык жактан туруксуз, алсыз, президенттин мыйзамсыз жеке бийлиги бекем орногон, мамлекеттик бийлик бутактары өз функцияларын мыйзам менен эмес, президенттин, анын жакындарынын көрсөтмөсү менен иштеп көнгөн, ага кызмат кылган, коррупцияланган мамлекетте жашап жатабыз, жана С. Жээнбеков ушундай мамлекеттин башчысы болду. Экинчиден президенттердин жеке бийлигин тааныбаган, кезеги келгенде алар менен саясий күрөшкө чыгып, жеңе билген, бийликтен алда качан үмүттөрү үзүлүп, өзүн өзү баккан, эркиндикти сүйгөн саясий духу күчтүү элге, жана дал ушундай баатыр эл жашаган коомго ажо болду. Үчүнчүдөн С. Шарипович, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик жеңиштен кийин Кыргызстанда орногон парламенттик башкаруу системасын мыйзамсыз бузуп, иш жүзүндө бардык мамлекеттик бийликти узурпациялап, жеке президенттик башкарууну орнотушкан, саясий күчтөрдүн, экс- президент Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтүүсү, колдоосу менен шайлоодо жеңүүчү деп табылды.

Мына ушундай шартта, жагдайларда саясий-экономикалык жактан алсыз, туруксуз элдин ишеничинен кеткен, мамлекеттик бийлик менен, күчтүү саясий эрки бар жарандык коомго башчы болуу өтө кыйын. Болгондо да мурдагы бийликтин мураскору катары бийликке келген адамга оболу элдин ишеничине кирүү үчүн эле нечендеген кординалдуу, чечкиндүү, керек болсо жагымсыз кадамдарга барууга туура келет жана убакыт керек.

Бир жыл ичинде президент С. Жээнбеков дал ошондой ары жагымсыз, ары чечкиндүү кадамдын бирин жасады. Ал кадам аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Атамбаевдин таасиринен биротоло бошонуу маселеси болду. Мындай кадам биздин кыргыз менталитетинде эки тараптуу бааланат, бир жагынан ичкен кудугуңа түкүрбө болсо, экинчиси – бир адамдын, бир партиянын жетелеме президенти болбой, нукура элдик президент болуу. Президентибиз жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүнбү же башка себептер түрткү болдубу, айтор экинчи жолду тандап экс президент Атамбаевдин таасиринен ийкемдүү түрдө, коомдук, мамлекеттик деңгээлде бөлүнүү жарылуусуз ажырашып кетти десек чындыкка дал келчүдөй болуп турат. Буга мен ишенгениме беш күн болду. Эгерде андай болбогондо, бүгүн Атамбаев өзү айткан 3% рейтингде Жээнбеков менен Атамбаев бирге калып, бүгүнкү курултайда мүмкүн бир эле доклад менен экөөнө бирдей саясий баа берилмек.

Урматтуу делегаттар, президентибиз С. Шариповичтин экс-президент Атамбаевдин таасиринен жогоруда аталган карама-каршылуу, жагымсыз жагдайларда чыр-чатаксыз эгемендүүлүккө, көз карандысыздыкка жетишүүсүнүн өзү анын бир жылдык ишмердүүлүгүнө аванс менен канааттандыраарлык деп баа берүүгө эле эмес ар тараптуу колдоого алына турган кадам болду. Мындай ажырашуу менен С. Жээнбеков өзүнүн ким экенин көрсөтө алды. Анткени алгачкы бул кадам кийинки кадамдарды эркин, көз карандысыз жасаганга кенен жол ачты, шарт түздү. Ошондуктан мен сиздерден президент Жээнбековдун бир жылдык ишмердүүлүгүнө канааттандырарлык деген баа берүүгө чакырам.

Эми С. Жээнбеков “Атамбаевди жеңдим, анын короосундагыларды өз короомо өткөрүп алдым, өтпөгөнүнүн өтүн аламын” — ​деп мурдагы президенттер сыяктуу эле ушу менен чектелип калабы, бул дагы коомчулук күтүп турган чоң маселе. Азырынча президентибиз Жээнбековдон үн чыга элек. Президенттер бир жерине түртмөйүнчө быш деп жел чыгарбаганга, президенттин кабак кашы менен иштөөгө көнүшкөн, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, башка бийлик бутактары да буйрук күтүп олтурушат. Биздин өткөрүп жаткан курултайыбыздын мезгилдүүлүгү, саясий коомдук маанилүүлүгү мына ушунда урматтуу делегаттар.

Мамлекеттик бийликтин булагы, эгемендиктин ээси, уюткулуу эл журт катары өлкөбүздүн элибиздин келечеги үчүн, мурдагы президенттер тарабынан узурпацияланган эл бийлигин калыбына келтирүү, элдин байлыгы болгон кен байлыктарыбызга ээ болуу, адилеттүү коом куруу, мыйзамсыз саясий куугунтуктарды токтотуу, бийлик бутактарын коррупциядан тазалоо боюнча ара жолдо турган президентибизге, бүгүн конструктивдүү, реалдуу ой сунуштарыбызды берип эгерде ал биздин сунуштарыбызды туура деп тапса колуна кол, бутуна бут болуп берүүгө даяр экенибизди расмий билдиришибиз керек. Сунуштарыбыз сиздердин колго салынат, курултайдын чечими катары расмий кабыл алынат, ошондуктан мен ага токтолбой эле коёюн.

  1. Президент С. Жээнбековдун бир жыл ичиндеги дагы бир талкуулай турган иш аракети анын коррупция менен күрөшүп жатканы. Эл арасында, айрыкча президенттин “жоокерлеринин” арасында макталып, даңкталып жаткан коррупционерлер менен жүргүзүлүп жаткан күрөш, албетте колдоого алынуучу иш чаралардан болот. Бир топ чиновниктерге кылмыш иши козголуп, кустурулуп жатканын биз да колдойбуз. Бирок урматтуу делегаттар, менин жеке пикиримде бул согуш партизандык согушту элестетип коррупциянын тамырына, өзөгүнө балта чабылбай тандалма ыкмалар менен кайсы бир бутактары, чырпыктары кайчы менен кыркылып жаткандай көрүнөт. Коррупцияны Кыргызстанга алып келишкен, ага кенен жол, бекем шарт түзүп беришкен кыргыз коррупциясынын ата энелери — ​мурдагы президенттер, айрым өкмөт башчылары, чет өлкөлөрдө качып жүрүшкөнү менен, коррупцияны таркатуучу вирус катары мурдагы президенттердин айрым өкмөт башчылары же куйруктары, аялдары, жакын туугандары, ж. б. Ак Үйдө, Көк үйдө улам жаңы келген президенттердин колтугуна кирип, сыйлуу коногу болуп, мамлекеттик резиденцияда президентке кеп-кеңеш беришип, убагында “прихватташтырып” алган обьектилерин жаңылап, бийик-бийик үйлөрдү, супермаркеттерди, базарларды, тойкана, чайханаларды, мечит, дүкөн, аптекаларды курушуп, мурда алып алышкан кен байлыктар боюнча лицензияларын кайра-кайра сатып, мамлекет, өкмөт куралбаган жеке телевидение, радио, интернет сайт, гезит, бала бакча, окуу жайларды поликлиникаларды ачып, кыргыздар айткандай балалап мөмөлөп жашап иштеп жүрүшпөйбү? Ишенбесеңер Жогорку Кеңештин сапаттык курамын, Бишкек шаарында курулуп ачылып жаткан объектилерди, телевидение, интернет сайт ж. б. изилдеп анализдеп көргүлө. Кумтөр, Жер үй, Ыштанберди, Талды-Булак, Чаткал зонасындагы ж. б. алтын кеңдердин ээси кимдер, кандай шарттарда кимдер беришкенин, бүгүн кимдер коргоп жүргөнүн жакшы билесиңер. Батукаевке Жогорку Кеңеште кимдер адвокат болду эле, кимдер аэропорттон узатты эле, Кыргызгазды кимдер бир долларга сатты эле, 11 миллион АКШ долларын чет элдик шумпайга Атамбаев айтты деп ким которду эле? 2012-жылдан ушул күнгө чейин Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн коррупциялык келишимди денонсация кылгандын ордуна, атайлап коомчулуктун башын айлантып Атамбаев менен бирге сүйлөшүп алып “Кумтөрдү улутташтырабыз”- деп келишимди бузбай келишкен фракция башчыларынын аракетинде коррупция жокпу? Албетте бар. Анткени Кумтөр жеке адамдын менчиги болсо улутташтырылат, Кумтөр болгону 2042-жылга чейин арендага берилгенин ал фракция башчылары абдан жакшы билишет. Алардын Ж. Сатыбалдиев, С. Исаковдон эмне айрымасы бар? Менимче айрыма – кожоюндарына болгон туруктуулукта же туруксуздукта болсо керек. Жогоруда аталган фактыларда экс-президенттер баш болгон бийлик адамдарынын туруктуу биргелешкен аракеттери жокпу? Ушуларды юридика илиминде коррупция деп коет. Убагында Акаев “общий дом” кылгысы келген Кыргызстан бүгүн саясий сойкулардын үйүнө айланып баратат.

Урматтуу делегаттар, жогоруда мен айткан фактылар мурдагы президенттерге, кечеги мезгилге таандык болгону менен, анын айрымдары бүгүн да улантылып жатат. Кыргызстандын эртеңкисине да таасирин тийгизет. Эмне үчүн Россия газы менен нефтисин Россия элинин жалпы менчиги катары контролдук пакетти мамлекеттин колунда бекем кармап, экономикасын, элдин турмушун жакшыртып жатат? Эмне үчүн биз Кыргыздар элдин байлыгы болгон алтыныбызды чет элдиктерге берип коюп, кайра алалбай бири-бирибизге душман болуп жүрөбүз? Биз алтыныбыздын жок дегенде 50%на ээ болуп өнүксөк болот — ​деген улуу муундарыбыздын алды көз жумушту, ошондо орто жана жаш муундагы Кумтөр ж. б. кен байлыктарыбыз үчүн бекем турушкан Ш. Мамбетов, Р. Дырылдаев, К. Идинов, К. Кадырбековго окшогон жана бүгүн ушул залда отургандардын айрымдары орто муунга көтөрүлсө, орто муундагылары аксакал болушту. Бирок маселе чечилген жок, алтыныбыз сыртка ташылып, бизге бузулган тоо мөңгүлөр, ууланган суулар, булганган экологиябыз калып жатканын ачык айтып чыгышкан Саруулук азаматтарыбызга окшоп куугунтукка калуу улана береби? Азыркы президентибиз С. Шарипович, Жогорку Кеңеш Кумтөр маселеси боюнча чыныгы жүзүн көрсөтө турган мезгил жетти деп ойлойм.

Баарын түгөтүп эми өз паспортубузга кыргыз деп жаза турган укугубуздан да сырттан келген коноктордун, күйөө бала, жээндердин кызыкчылыгы үчүн ажырап олтурабыз. Ушул маселе боюнча мен сыйлаган бир саясатчы акем бир интервьюсунда биз кыргызмын дебей, кыргызстандыкмын деп айта турган мамлекет курушубуз керек, АКШга окшогон деген оюн кыйытыптыр. Мен ал агамды туура түшүнөм, эгерде Кыргызстанда жашаган кыргызстандык орусмун, кыргызстандык кытаймын, өзбекмин ж. б. деп алар мактанса, бирок мен кыргызстандык кыргызмын деп кантип айтам? Мен ойлойм тескерисинче кыргыздар Кыргызстанга таандык эмес, Кыргызстан кыргызга таандык деп. Бул маселеде да коррупция жатат.

Эгерде биз паспортубузду тезден калыбына келтирбесек АКШнын түпкүлүктүү элиндей жок болуп, калганыбыз, келгиндерге жана күйөө балдар, жээндерге кошулуп Кыргызстандык кыргыздарга айланабыз. Мына азыр эле Кыргызстанды Киргизия дейли деген киргиздер ачыкка чыга баштады. Кыргыздын тукумун улантуучу 20 жаштан 40 жашка чейинки кыргыздар чет жерлерде тентип, алардын ордун кытай, дунган, уйгур, түрк, араб ж. б. күйөө балдар жана алардын балдары жээндерибиз ээлеп жатканы калппы? Алар кыргызстандык боло беришсин, бирок жээн эл болбойт, желке таз болбойт деген макалды унутпайлы.

  1. Саясий куугунтуктоолор жөнүндө.

Урматтуу делегаттар, Акаев, Бакиевдердин саясий туткундары негизинен бийлик алмашуусу менен кылмыш иштери кайра каралып, толук акталышкан, Атамбаевдин саясий туткунубуз дегендер бийлик алмашкандан бери президент Жээнбековдон адилеттүүлүктү чыдамсыздык менен күтүп олтурушат. Атамбаевдин доорунда саясий куугунтукталганмын дегендердин бардыгынын кылмыш иштерин мен толук билбеймин. Мен билген Кумтөр үчүн камалышкан Саруулук азаматтардын, Р.Сабировдун, А.Келдибековдун, Б.Асанов, К.Кадыров, Д.Сарыгулов, Э.Карыбековдордун, Ө.Текебаев, Д. Чотоновдордун кылмыш иштери саясий өңүттө, буйрутма, жасалма токулган кылмыш иштер деп ачык айтып келгем, дагы айтамын. Азыркы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мырзага коллегасы, мурдагы жетекчиси катары айтар элем: жогоруда аты аталган саясатчылардын кылмыш иштеринде бир эмес ондогон жасалма документтер, фактылар, көрсөтмөлөр, тергөө жана сот органдарынын мыйзам бузуу менен токуган актылары, жаңы ачылган жагдайлар катары ал кылмыш иштерин кайра каратууга мүмкүнчүлүк берет — ​деп. Бийлик алмашылган 2005-жана 2010-жылы ондогон саясатчылардын кылмыш иштери кайра каратылган. Башкы прокурордун эң бир жогорку күчү жана милдети Ак үйдөн буйрук тапшырма күтпөй, тескерисинче өлкөдө мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн адам катары бузулган мыйзамдарды, соттолуучулардын укуктарын калыбына келтирүү максатында президенттин алдына туура маселе көтөрүү болуп эсептелет. Туура мыйзамдуу көтөрүлгөн маселени, туура кабыл алган мамлекет башчысы мурдагы президенттердин кейпин кийбейт.

Азыркы президентибиздин жоокерлеринин “коррупционерлер” катары “пленге” алынган мурдагы чиновниктер да өздөрүн саясий туткунбуз деп жатышат. Аны алардын атаманы Атамбаев да айтып жатат. Менимче алардын эң башкы күнөөсү жеке Атамбаев үчүн ак эмгек өтөшүп, азыр да аны сатпай жаткандыгында болсо керек. Ушул “эрдигин” баалап, аларды тергөө, сот бүткөнгө чейин өтө чоң суммадагы күрөө кепилдиги менен үй камагына чыгарууну гумандуу жана мыйзамдуу туура чечим деп эсептээр элем. Адилеттүүлүк, чындык, мыйзамдуулук үчүн нечен күрөштү керт башымдан өткөргөн адам катары жана Акаев, Бакиев, Атамбаевдин саясий туткундары болушкандардын энелеринин үй-бүлөөсүнүн, жакындарынын болгону “тергөө, сот бүткөнгө чейин үй камагына чыгарып койгулачы” деген болор-болбос өтүнүчтөрү аткарылбаган үчүн ар кандай акцияларга чыгып, нечендеген азап-тозокторду бийликтен көрүшкөнү, ошондон бийлик менен карапайым эл эрегишип, эрегиштен эрлер өлүп, жетим-жесирлер калганын көргөн адам катары азыркы президенттен, башкы прокурордон өтүнөт элем, азыр да Ж. Сатыбалдиевдин, С. Исаковдун, И. Илмияновдун ж. б. туугандары да болгону, тергөө, сот бүткөнгө чейин үй камагына чыгарууну гана сурап жатышат. Эгерде алар качып кетишсе анда алар чыныгы күнөөлүүлөр экенин өздөрү далилдеп, аларды сыртынан соттогонго биздин конституция жана мыйзамдар жол берет.

Экс-Өкмөт башчылары Ж. Сатыбалдиев, С. Исаков ж.б. камакта олтурушкан мурдагы чиновниктерди Бишкек ТЭЦи боюнча “келишимдер туура эмес түзүшкөн, ремонттору кымбат, сапатсыз жүргүзүлгөн, жабдуулар, кычкачтар кымбат алынган” жана башка күнөөлөрдү айтышат. Эмне Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн келишимдер мыйзамдуубу? Кыргызстандын кызыкчылыгын камтыйбы? Мурда “Камеко” азыр “Центерра” Канададан, Франциядан ж. б. жактардан ташып келип жаткан помидор, болгар калемпирлери, жабдуу техникалары ж. б. Кыргызстандагы жер-жемиштерден арзанбы? Ушундай күнөө менен анда Т. Чынгышевтен тартып азыргы Абылгазиевке чейинки Өкмөт башчылары эмне үчүн камалбайт? Алардын Ж. Сатыбалдиев менен С. Исаковдон эмне айрымасы бар? Алардын дээрлик бардыгы мамлекеттик резиденцияда президенттин ардактуу коноктору болушпадыбы. Алардын ичинде мамлекеттик резиденциянын төрү эмес, босогосун аттаганга да укугу жоктор бар.

Ал эми азыркы президентибиздин коррупция менен күрөшүп жаткан жоокерлеринин эң башкы кемчилиги “бузулган балыктын” башын кеспей, куйругунан тазалап, тергөөнү ыкчам оперативдүү бүтүрбөй, жогортодон көрсөтмө күтүп жетелеме абалында экени. Бул көрүнүш Жогорку Кеңешке да тийешелүү, эч кандай саясат кылганга негиз жок болсо да экс-президенттин кол тийбестигин алсакпы, албасакпы деп мыйзам долбоору менен ойноп буйрук күтүп олтурушат. Конституцияда да, мыйзамда да экс-президенттин кол тийбестиги жок, ал эми экс-президенттин кол тийбестиги каралган мыйзамдын 12-статьясында экс-​президенттин президент кезиндеги аракеттери боюнча кол тийбестиги каралган. Ошондуктан экс-президенттин президент кезиндеги кылмыштары боюнча жоопкерчилик конституциянын 67-беренесине ылайык чечилет. Ал Жогорку Кеңештин депутаттары менен башкы прокурорго жүктөлгөн, тагдырдын тамашасы экен, ошол президенттерге эле эмес анын үй-бүлөсүнө чейин өмүр бою кол тийбестикти беришкен, материалдык жактан да мамлекеттин камкордугунда түбөлүк болсун деген, президенттик жеке бийликтин орношуна өзгөчө салым кошушкан Акаевдин айрым “реформаторлору”, ошол жеке авторитардык режимдин курмандыгы болушту. Саясий куугунтуктун булагы, коррупциянын тамыры да, өзөгү да президенттин кол тийбестигинде, эч качан эч кимге жооп бербегендигинде жатат.

  1. Президенттик жеке бийликтин, коррупциянын өлкөбүздө бүгүн деле жашап өнүгүп жатышына жагымдуу шарт катары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын кошсок болот. 2007-жылдын күзүндөгү конституциялык реформа менен мурдагы президент Бакиев, анын үй-бүлөөсү — ​үй-бүлөлүк Жогорку Кеңешке ээ болуу максатында 100% партиялык тизме менен шайлоо системасын киргизип, өздөрүнүн «Ак жол» партиясын түзгөнүн жакшы билесиңер. Ошол шайлоо системасы менен 2010- ​жана 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоолор болду. Менин жеке пикиримде бул шайлоо системасы өзүн өзү актаган жок, тескерисинче Жогорку Кеңеш эң жогорку өкүлчүлүктүү орган касиетин жоготуп, президенттин алдындагы өкүлчүлүк органга айланды. Айрым партия лидерлери мактанып айтып жүргөндөй президенттин батасын алган партиялар тизмесине чейин текшерилип депутат болуп жатканы жашыруун деле эмес. Экинчиден депутаттар эл өкүлү эмес кайсы бир партиянын же анын лидеринин өкүлдөрүнө айланып, анын капчыгын толтургандар биринчи кезекте депутат болушат, айрым чөнтөктүүлөр 15 жыл ичинде эки же үч партияны которуп депутат болуп жүрүшөт. Бүгүн кайсы бир социалисттик, либералдык же демократиялык идея менен бириккен бийликтеги бир да партияны таппайсың. Социалисттик деген партиялар да капиталисттер, демократиялык мекенчил деген партиялар да, саясий туруксуздар депутат болуп олтурушат. Саясий партиялардын табияты өзгөрүп шайлоо алдында түзүлгөн бизнес фирмасына айланууда. 2005-жылы 24-мартта Акаевдин кабинетинен табылган «Алга Кыргызстан» партиясы үчүн, жакында СДПК партиясынын штабынан чыгарылган документтерден канчалаган акчалар топтолуп, ортодо добуш алып берем деген мошенниктер, бийликтин партиялары байып, элибиздин добушун товардай сатып алып эл бузулуп жатканына күбө болуудабыз. Саясат менен бизнести бөлүүнүн учуру жетти, ал үчүн президент менен Жогорку Кеңеш 2020-жылы боло турган шайлоого жаңы шайлоо системасын камсыз кылыш керек.
  2. Президенттин тезинен баштай турган иш чараларынын эң башкысы бул конституциялык реформалар болот. Эгерде мурдагы президенттер өздөрүнүн жоопкерчиликсиз жеке бийлигин чыңдоо максатында реформаларга барса азыркы президент алардын жолуна түшпөй, тескерисинче ар бир мамлекеттик бийлик бутактары өздөрүнө жүктөлгөн конституциялык функцияларын өз алдынча так аткарып, эл алдында өзү жооп бере турган абалга кайра алып келүү болуп эсептелинет. Аны ишке ашыруу үчүн, оболу башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң: президенттикпи же парламенттикпи деп эки суроону гана бийликтин ээси болгон элден сурап алганы туура болот, эгерде элибиз президенттик башкарууну колдосо АКШга окшоп президент бүткүл жоопкерчиликти алып өлкө жана өкмөт башчысы болот, премьер-министр институту жоюлат. Эгерде элибиз парламенттик башкарууну колдосо Германияга окшоп президентти Жогорку Кеңеш шайлап, ал болгону символикалык мамлекет башчысы болот, өлкөнүн ички, тышкы саясаты толугу менен Жогорку Кеңеш менен Өкмөткө өтөт. Башкаруунун кайсыл түрүн эл тандабасын, ошого жараша конституциялык реформаны Жогорку Кеңеш аркылуу 1993-жылы конституцияны кабыл алгандай тартипте кабыл алышыбыз керек. Жогоруда айтылгандай конституциялык өзгөрүүнүн өзөгүн айыл өкмөт башчысынан тартып президентке чейин эл алдындагы отчеттуулугу, жоопкерчилиги курултай институту аркылуу ишке ашырылышы каралышы керек. Дагы бир орчундуу маселе, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону конкреттүү шайлоо округдары аркылуу конкреттүү эл өкүлүнүн шайланышын камсыз кылуу. Атамбаевден мурас катары калтырылган, азыр да иштеп жаткан сот, тергөө, укук коргоо, күч органдарынын президенттин алдында мыйзамсыз түзүлгөн “Совбез” жана АКС аркылуу көзөмөлдөп, кимге кылмыш иш козгоо, кандай жаза берүү, бийликти сындаган депутат, саясатчы, журналисттерди аңдуу, тыңшоо, жамандоо, маскаралоо ж. б. көрүнүштөрдү жойуу максатында аткаруу бийлигинен көз карандысыз тергөө комитетин түзүү бышып жетилсе, сот органдарын саясий партиялардын таасиринен ажыратуу боюнча реформаны эл күтүп жатат. Урматтуу делегаттар, бүгүнкү курултайдын чечими менен президентибизге Жогорку Кеңешке, Өкмөткө ж. б. бийлик бутактарына тезинен аткара турган сунуштарды сиздер менен бирге кабыл алабыз. Мурдагы президенттерге алгач ишенип, далай жолу убакыттан уттурган адам катары дагы бир жолу алданып калбоо максатында эки орчундуу маселе боюнча бийликти күтүп олтурбай эгерде бийлик 2019-жылга чейин эч кандай аракеттерди баштабаса анда биз конституциялык укугубузду пайдаланып элдик демилге тартибинде конституциялык реформа жана Кумтөр боюнча түзүлгөн коррупциялык келишимди денонсациялоо боюнча кол топтоону башташыбыз керек. Мыйзам долбоорлору бизде даяр. Конституцияны өзгөртүү боюнча 300 миң, Кумтөр боюнча 10 миң кол топтоп 2006-жылдын ноябрь айындагыдай 10 миң деген адам Ала Тоо аянтына чогулуп тынчтык митингде туруп мыйзамдарыбызды Жогорку Кеңешке алдырууга жетишишибиз керек. Болбосо 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңешке шайлоо азыркыдай партиялык тизме менен өтүп ушул эле депутаттар кайра шайланып, Кумтөрдү “Центерра голд” дагы башка фирмага сатып жибериши ыктымал.

Биз бийлик талашпайбыз, бирок биз өз конституциялык укугубузду талашууга өзүбүз шайлаган Президент менен Жогорку Кеңешти эл кызыкчылыгында иштешине жетишүүгө, эл байлыгын элге кайтарууга милдеттүүбүз. Урматтуу КДКнын мүчөлөрү, ана башчылары Топчуке жана Жыпар байке, легендарлуу парламенттин легендарлуу депутаттары, урматтуу Медеткан Шеримкулович, Апас Жумагулович, урматтуу КЭКтин жетекчилери урматтуу Үсөн аке, Досбол аке, Макен аке, Исмайыл Исакович, Эркин иним жана залда олтурушкан БЭКтин баатыр азаматтары, март жана апрель революциясынын баатырлары, мен сиздерге кайрылам, ушул жолу президентке дагы бир жолу алданбай убагында Акаевке, Бакиевке, Атамбаевке алданып калган, кетирген кемчилигибизди моюнга алып, муундарыбыз алдында, тарых алдында тазаланып алалы. Бизге үчүнчү революциянын кереги жок, үчүнчү революцияны жан дүйнөнүн, аң сезимдин, тазалануунун революциясы кылып, элдин бийлиги менен байлыгын элге кайтарып берели.

Мен сөзүмдү Кет Бука бабабыздын кыргыздарга айтып кеткен керээз эскертүү ыры менен бүтүрөйүн:

Кылбаганды кыргызга

Кылган качат сак болгун.

Кырды-түздү жат элге

Кыйган качат сак болгун.

Кубат күчүң соодалап

Пул болосуң сак болгун.

Кудуреттүү элдерге

Кул болосуң сак болгун.

Көсөмдөрүң элди алдап

Көч бузулат сак болгун.

Өзөгүңө өрт таштап

Өз бузулат сак болгун.

Кыз-уланың дүйнө кууп

Кырдан качат сак болгун.

Сак бололу, аман бололу урматтуу кыргыздар. Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: